Бугу 02, 2024
Убакыт: 05:12
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Максат Сарбагышев, ЖК депутаты: “Ысык-Көлдөгү саркынды суулардан элибиз түшүм алууда”

19.12.2023 09:46
1040
Максат Сарбагышев, ЖК депутаты: “Ысык-Көлдөгү саркынды суулардан элибиз түшүм алууда”


- Максат мырза, сиздин айтымыңызда, саркынды суулар көлдөгү чоң көйгөйлөрдүн бири экен...


- Өзүңүздөр көргөндөй, биз сунуш киргизип, агрардык комитеттин мүчөлөрү макулдук берип, Ысык-Көлдөгү саркынды суулар боюнча маселени карадык. Чолпон-Ата шаарында саркынды суу сактоочу жай союз учурунда курулуп, пайдаланууга берилбей калган. Анын саркынды сууну топтоп, тазалоочу жайга айдап берчү жери көлдүн жээгине жайгашкан. 47 чакырым аралыкта (Чолпон-Ата шаары, Бостери, Кара-Ой айылдары) жайгашкан кээ бир жеке турак жайлар, айрым эс алуу жайлары баары ушуга кошулган. Кара-Ойдун жогору жагындагы саркынды сууларды тазалоочу жайга келип чогулат. Ал жерде эч кандай биологиялык, же химиялык тазалоо жүрбөйт. Сарыгып туруп эле Кара-Ой айылынын жерине агып түшөт. Туура, көлгө куйбайт, бирок сугатка пайдаланылып, эл түшүмүн алып жатат да. Ал жерден оору чыкпасына эч ким кепилдик бере албайт. Ошол себептен эки жылдан бери ушул маселени көтөрүп келатабыз. Бир да министрлик толук кандуу иш алпарбагандыгына байланыштуу иш кагаздары бүтө элек. Бүтсө эле акчасы (62 миллион доллар) АБРде даяр. Ратификациядан өткөрүп эле ишти башташ керек.


- Комитеттин ошол жыйынында күнүгө 5 тоннадай саркынды суулар агып чыгары айтылды окшойт...


- Кесиптешим Караколду айтты. Караколдун, Теплоключенконун дагы саркынды суулары талаага кетип аткан учурлары бар. Бул биз билген эле маселелер. Биз билбеген мындай жерлер толтура, түштүктө, Нарында бар... 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн