Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:05
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Максатбек Казакбаев: «Заманбап билим берүүнү да баса белгилейли»

30.01.2024 09:08
1167
Максатбек Казакбаев: «Заманбап билим берүүнү да баса белгилейли»


- Максатбек, бардык тармак санарипке өтүп, санариптин пайдасын көрө баштадыкпы?


- Санарипке тармактарыбыздын бардыгы өткөнү табигый көрүнүш, анын мыйзам талаасына тезирээк процесстерге кирүүсүнө кам көрүү замандын талабы. Албетте, бул процесс биздин мамлекеттик деңгээлде кеч кирген, ошентсе да Орто Азияда биздин интернет тез жана арзаны деп мактансак болот. Муну менен бизде банк системасы алгачкылардан болуп өнүгүү жолуна түшкөн, жеңил өнөр жай, курулуш, соода тармагы тез өнүктү. Заманбап билим берүүнү да баса белгилеп айтуубуз керек. Чет тилдери, өзгөчө англис тилин өздөштүрүүдө санариптин пайдасы зор экенин азыркы орто муун, кичүү муун дээрлик билишет. Ушуларды эле үлгү тутуп алдыга умтулсак, санарип лидерлери болгон Кытай, Корея, Индия жана башка өлкөрүнө тайманбастан теңтайлашып жетүүгө мүмкүн. Муну 30 жылдан бери таппай келаткан мамлекеттик идеологиянын талаптары катары кабыл алуу да керек.


- Электрондук каражат, электрондук акча жүгүртүү да бир топ убаракерчиликти жок кылып, төлөмдөрдү оңойлоттубу?


- Электрондук каражат – капчыктар төлөмдөрдү оңойлотуп, тактык жана тездикти алып келди. Азыркы жаштар менен бирге улуу муундун өкүлдөрү дагы кыска убакыттын ичинде электрондук акча жүгүртүүгө ынанып, колдонуп башташты. Мурда электрондук капчыктар болсо, азыр банктык эсептер да жүгүртүүгө киришти. Негизи санариптин артыкчылыктары көп, бирок бир чоң кемчилиги – анын коопсуздугунун жоктугу. Мени ошол нерсе тынчсыздандырат. Техникалык коопсуздук бар болгону менен бардык эле өлкөлөрдө коопсуздугуна толук кепилдик бере алышпайт.


- Санариптик коопсуздукту кантип коопсуз кылсак болот?


- Тез-тез жеке коргонуу амалдарын таап, киргизип туруу зарыл. Ага дасыккан IT адистер керек. Бирок, улам убакыт өткөн сайын андай амалдар коопсуздукту толук камсыздай албай калат. Ошон үчүн ар дайым издениш керек.   

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн