Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Максатбек Сарбагышев, ЖК депутаты: “Министр Бейшеналиевдин ишин жамандоодон алысмын”

22.01.2024 20:15
1342
Максатбек Сарбагышев, ЖК депутаты: “Министр Бейшеналиевдин ишин жамандоодон алысмын”


- Максатбек мырза, социалдык комитеттин жыйынында КММАнын стоматологиялык клиникасында көз жумган 3 жашар кыз боюнча маалымат укпадыңыздарбы. Комиссия ишин жыйынтыктаптырбы?


- Бир айдан бери иликтөө иштери жүрүп жатканын айтышты. Мен ошол жерден дарыны сунуштаган врачка кандай чара көрүлгөнүн сурадым. Себеби, анестезиолог укол сайганга чейин врач “мобу дарыны сай” деп назначение кылат да. Ошон үчүн мен “эмне үчүн дарыны сунуштаган врач жоопко тартылбайт, анын да ишин карадыңарбы?” деген суроону бердим. 


- Кийинки кездерде бейтаптар төрөт, дарылоо учурларында көз жумуп атышпайбы. Мындай кырсыктардын алдын алыш үчүн сиздин оюңузча кандай чаралар керек?


- Жеке эмканаларда кандай адистер отурат, ошолору текшерүүгө алыш керекпи дейм. Себеби, алар койгон диагноздун, алар сунуштаган дарылардын негизинде дарылоо жүрөт да. Анан бизге келип жаткан дарылардын сапатын да кылдат текшерүү зарыл. Мурда бир дарыны колдонуп жүргөн болсоң, азыр алардын көп алмаштыргычтары, аналогдору пайда болгон. Курамында эмне бар, организмге кандай таасир этет? Ошон үчүн жаңы лабораторияларды ачышабы, айтор, катуу көзөмөл керек. 


- Бүгүн кээ бир кесиптештериңиз “тармакта абал жакшы эмес” деп саламаттыкты сактоо министрин сынга алышты. Сиз министрдин ишин кандай баалайсыз?


- Мен деле кээде сын-пикир айткан учурларым болот. Бирок, ошентсе деле министр Бейшеналиевдин ишин такыр эле жаман дештен алысмын. Анткени, сүйлөп, сындап коюш бир башка, ал эми республикалык масштабда иш жүргүзүү оңой эмес. Албетте, жетишпестиктер бар, аны айтпай койгондо да болбойт. Бирок, оңдойт, түздөйт деген үмүттөбүз.  

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн