Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 06:22
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Мал жандыктардын зекети кандай берилет?

17.03.2023 09:51
545
Мал жандыктардын зекети кандай берилет?

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы мал жандыктардан бериле турган зекет тууралуу маалымат таратты. 


Маалым болгондой, зекет күнүмдүк турмушта керектелүүчү нерселерге (үй, унаа, кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк ж.б.) берилбейт. Зекет берүүчү адам зекетти алтындын баасында чыгарабы же күмүштүн баасындабы өз ыктыяры. Бей-бечера муктаждардын пайдасы үчүн күмүштүн баасында чыгаруусу абзел.


Уйдун зекети: Ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 (отуз) уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо бир жаштан ашкан кунаажын зекет катары берилет. Топоздон дагы зекет берилет. Анын өкүмү уйдун зекетинен эч айырмаланбайт.


Кой, эчкинин зекети: Ар бир мусулман пенденин майда малы 40 (кырк) койго же 40 (кырк) эчкиге жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо 1 кой же 1 эчки зекет катары берилет.


Төөнүн зекети: Ар бир мусулман пенденин төөсү 5 (беш) төөгө жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, 1 кой зекетке берилет. 10 (он) төөгө жетип калса 2 кой ж.б


Жылкынын зекети: Ар бир мусулман пенденин күнүмдүк жашоого колдонулбаган, алты айдан ашык жайытта багылган, арасында кеминде 1 ургаачысы бар жылкыларынан зекет берилет. Бир же андан көп жылкынын баасы алтын эсеби менен (нисабка) зекет берүү өлчөмүнө жетсе кырктан бири зекетке берилет.


Бул мал жандыктардын зекетинин өлчөмүнүн башталышы. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери өзгөрөт

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн