Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:21
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Мамлекеттик тил күнүн белгилөөгө карата 18 китептин бет ачар аземи өткөрүлдү

22.09.2020 16:20
752
Мамлекеттик тил күнүн белгилөөгө карата 18 китептин бет ачар аземи өткөрүлдү


Билим берүү жана илим министрлиги Мамлекеттик тил  күнүн белгилөөгө карата 18 китептин бет ачар аземин өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, мамлекеттик  тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын  алкагында бул жылы 18 аталыштагы китеп  8409 нускада басылып чыккан.


Иш-чаранын жүрүшүндө китептер боюнча талкуу жүргүзүлүп, авторлорго сый акы берилди. 


Басылып чыккан китептердин 7 аталыштагысы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, 1 китеп мектеп жана калган 10 аталыштагы китеп орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталган.


Китептердин кол жазмаларын кабыл алууда  кесиптик окуу жайлардын жана Кыргыз Билим берүү академиясынын, Окумуштуулар кеңешинин чечимдери эске алынды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн