Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мамлекеттин тышкы карызын төлөө үчүн ачылган эсепке канча каражат топтолгону белгилүү болду

31.03.2021 09:00
1439
Мамлекеттин тышкы карызын төлөө үчүн ачылган эсепке канча каражат топтолгону белгилүү болду

Тышкы карызды төлөө жана республикалык бюджетти  колдоо үчүн ачылган депозиттик эсепке 1 миллиард 665 миллион 353,7 миң сом түштү. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.


Бул каражат өлкөнүн тышкы карызын төлөө үчүн жумшала турганы айтылган.


Чогулган сумманын 1 миллиард 535 миллион 340,3 миң сому укук коргоо органдары тарабынан алынган.

Ал эми юридикалык жактардын ыктыярдуу түрдө берген каражаты 66,2 миллион сомду түзгөн.


Ошону менен бирге жеке тараптар да өз ыктыяры менен 63,8 миллион сом которгону айтылат.


Бүгүнкү күндө жыйналган акчанын 722,8 миллион сому республикалык бюджетке которулуп, калган 942,5 миллион сому атайын эсепте сакталып турат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн