Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Матраимовдон алынган батирлерге дарыгерлер эмес, УКМКчылар татыктуубу?

25.12.2020 09:07
623
Матраимовдон алынган батирлерге дарыгерлер эмес, УКМКчылар татыктуубу?

Матраимовдон алынган квартираларды СНБшниктерге калтырабыз дегенге караманча-ДАКАНСА каршымын!!!


Камчыбек Кыдыршаевич, элдик адам болсонуз, бул квартираларды КОВИДде элди айыктырам деп, кара жанын карч урган, СИЗ формаларда 10 сааттап тумчугуп, тердеп, алы куруп, кончуна суу толгончо иштеген врачтарга, онлайн-сабактарды мыкты өтүп, окуучуларын алдыга чыгара алган иш билги, кесипкөй мугалимдерге бериниз!


Биз качан мугалимдер менен врачтарды барктап, алардын социалдык статусун көтөрөбүз?! 


Качанкыга чейин эле "шабашкалуу" УКМКчы, АКСчи, финполчу, милиция, сот, прокуратурага үй салып, батир берип, ошолорду эле кастарлай беребиз?!


Биз өнүккөн өлкөлөрдөй илимге, билимге, саламаттыкты сактоого таянабызбы же кара күчкө, катаал жазаларга ишеним артып жашайбызбы?! 


Болду да эми. Элдик болобуз дебедиңер беле...


Тынчтык Алтымышев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн