Баш оона 24, 2025
Убакыт: 09:20
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Майлуу-Суу шаарындагы от казандардын бири иштей баштады

16.01.2023 13:34
432
Майлуу-Суу шаарындагы от казандардын бири иштей баштады

Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында үч отказандын бирөөсү жылуулук бере баштады. Бул тууралуу  энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов билдирди.


“Бүгүн, 16-январда Майлуу-Сууда №1 отказан жылуулук бере баштады. №3, 4 отказанга азырынча суу келе элек, ӨКМдин кызматкерлери ал жерде иштөөдө. Батирлерде 20 градус жылуу болууда”, - дейт ал.


Эскерте кетсек, 2023-жылдын 12-январында ызгаардуу сууктан улам Майлуу-Суу шаарындагы калкты таза суу менен камсыз кылуучу сууканалынын түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. №1, 3, 4 отказанда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган.


Мындан улам Майлуу-Суу шаарына 13-январда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ошондой эле Майлуу-Сууда бардык билим берүү мекемелери онлайн окутууга өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн