Бугу 02, 2024
Убакыт: 23:29
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Мээге кадалган чип. Адамдын оюн окуса болобу?

31.01.2024 18:28
1797
Мээге кадалган чип. Адамдын оюн окуса болобу?


Илон Масктын Neuralink компаниясы адамдын мээсине чипти ийгиликтүү кадаганын, бейтап операциядан кийин эсине келип жатканын билдирди. Компания мындай ыкма психикалык мандеми бар же шал оорулууларга жардам берерин айтса, айрым адистер маселенин этикалык жагына көңүл бурушат.

Миллиардер Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагына жазган постунда эксперименттин алгачкы жыйынтыктары “үмүт арттырганын” маалымдады. Зымсыз чип же имплант адамдын мээси менен компьютерди байланыштырып турат. Ал смартфонду же башка техниканы мээнин күчү менен башкарууга мүмкүндүк берет.

Компаниянын маалыматына караганда, операция убагында робот адамдын чачынан эселеп ичке электроддордун жардамы менен 1 миң 24 датчик туташтырылган чипти мээге орнотот. Электроддор нейрондордун импульстарын каттайт жана мээнин сигналдарын компьютерге берип турат. Ал өз кезегинде ошол импульстарды чечмелеп, адам кандай кыймыл-аракет жасоону кааларын “түшүнөт”.

«Телепатия» деп аталган бул жабдык биринче кезекте буту-колу шал адамдардын мээсине кадалмакчы. Маск муну менен алар “телефон же компьютерди, дээрлик бардык гаджеттерди өз алдынча колдонууга жөндөмдүү болорун” жазды.

АКШнын Дары-дармек жана азык-түлүктүн сапатына көз салган агенттиги Масктын компаниясына былтыр май айында адамдардын үстүнөн сыноо жүргүзүү лицензиясын берген. Бирок тиешелүү иштер 2016-жылдан бери эле жүргүзүлүп келген. 2019-жылы июлда Neuralink мээнин сигналдарын Bluetooth менен берип турган жабдыкты тартуулаган. Компания буга чейин жаныбарлардын үстүнөн гана эксперимент жүргүзүп келген.

Клиникалык сыноолор үчүн өткөн сентябрдан тарта шал, дүлөй же азиз ыктыярчылар тандалган. Эксперимент алты жылга созулмакчы. Анын жүрүшүндө импланттын жана робот-хирургдун коопсуздугуна баа берилмекчи.

Сөз болгон чиптерди рынокко алып чыгуу үчүн АКШнын тиешелүү мекемелери уруксат бериши керек.

Адистер бейтап ойдун күчү менен компьютерди башкарууну үйрөнгүчө бир нече ай кетерин айтышат.

Көптөгөн изилдөөчүлөр бул өңдүү технологиянын үстүнөн иштеп, мээнин күчүн пайдалануу аракеттерин көп жылдардан бери көрүп келатат. Бирок бири да буга чейин ийгиликке жете алган эмес. Мисалы, Blackrock компаниясы 2004-жылы эле компьютерге туташтырылган чипти орноткон.

Precision Neuroscience шал адамдар үчүн жука пленкадай болгон имплантты ойлоп тапкан.

АКШдагы дагы эки компания адам бир нерсе деп айтууга аракеттенгенде мээдеги сигналдарды окуп, аларды чечмелеген сыноо өткөрүштү.

Бирок алардын көбүнөн айырмаланып, Neuralink адамдын функцияларын жөн гана калыбына келтирбестен, аларды жакшыртууну да көздөөрүн айтып келатат.

Айрым маалымат каражаттары бул окуя адам баласынын жашоосун өзгөрткөн технология лабораториянын алкагынан чыгып, реалдуу турмушта бурулуш жасаган учур болуп калышы мүмкүн дешет. Бирок, экинчи жагынан, Масктын билдирүүсүнөн чипти орнотуу илимий жактан канчалык маанилүү экенин баамдоо кыйын деп белгилешет.

Neuralink компаниясынын сыноосу башынан эле бир топ суроолорду жаратып келатат. Reuters агенттиги мындан эки жыл мурун компаниянын жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылганы жөнүндө жазган. Бирок Маск сыноонун жүрүшүндө бир да маймыл жабыркабаганын айтып келди.

Washington Post гезити маектешкен Сидней Университетинин юридика факультетинин илимий кызматкери Аллан Маккей жаңы нейротехнологиялардын этикалык өңүтүн изилдеп жүрөт. Анын айтымында, адамдын маалыматты кабыл алуу, түшүнүү, кайра иштеп чыгуу (когнитивдик) функцияларын жакшыртуу идеясы тынчсыздандырбай койбойт:

“Ошондой когнитивдик жөндөмдөрү өнүккөн жана өнүкпөгөн адамдар жанаша жашаган коомдо таптык ажырым эбегейсиз чоңоюп кетиши ыктымал”.

Маккей нейротехнологиялардын, анын ичинен көңүл ачуучу жабдыктардын өнүгүшү адамдын мээсинен алынган маалыматты максаттуу пайдалануу маселесин да козгоорун кошумчалайт. Изилдөөчү бул жаатта талкуулар жүрүшү керек деп эсептейт.

Бирок ал бул технологияларды оор депрессияны, эпилепсия жана башка синдромдорду дарылоо үчүн колдонуу оң жыйынтыкка алып келиши мүмкүн экенин белгилейт.

Автор: Айнур Жекше кызы, "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу

Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн