Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:34
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Менин досум Алмазбек Конушбаев (1950–2023)

27.02.2024 13:07
2774
Менин досум Алмазбек Конушбаев (1950–2023)


Быйыл досум 74 жашка чыкмак. 9-майда төрөлгөн. “Ата-энең адашып калды беле, бул күнү төрөлгөндүн баарысы Жеңишбек болуп жүрөт, сен эмнеге четке чыгып калдың?” деп сурасам, “Суусамырда төрөлгөм, ал жер борбордон өтө эле алыс, майрам жете элек болчу” деген. Ооба, азыр деле алыс. Жайыл районуна кирет. Ошол жерден орто мектепти бүтүрүп, 1969-жылы борбордогу алдыңкы окуу жайы политехникалык институтка 19 жашында студент болгон экен. Эмне мынча окууга кеч өткөнүн (ал кезде 17жашта өтчү) эч ким сурабаптыр, же мектепте бир класста эки сыйра окуганбы, же институтка экисыйра өткөнбү, ким билет?.. 


Политехте Суусамырдан келген студенттер арбын экен, ушунчалык кыйын билим алышты беле же Суусамырдан чыккан доценттер (экзамен алуучулар) бар беле, ким билсин? Ал жерге бир жыл мурун Табылды Эгембердиев кирген (Алмаздын жердеши, бир жаш кичүү, демек, “убагында” өткөн экен). Жердеш агасы жөнүндө ал мага минтип айтып берген (жөн айтпай, тамашага чалып ийчү). Анын версиясы мына: “Алмаз институтка өткөндө, мен экинчи курска көчкөм. Жатаканада турам. «Эмне кылам?» деп мага келди. «Мени менен комнатада жашап тур, бир керебет бош, бирок эч кимге көрүнбө, сабактан акырын келип жатып ал» дедим. «Тамак ичпей эле жатып жүрдү беле?» деп сурадым. «Кантип тамаксыз турмак? Кожомкулга окшоп турса, далдайган неме. Күн сайын ашканага ээрчитип барып турдум. Биринчи жолу ал артымда турган, мен тамак алып столго бассам, ал дагы эле кассирдин жанында солдоюп турат. «Ой, эмне болду? Бери бас» десем, подносту көтөрүп басып келди, ал жерде тамак жок, пустой. «Ой, жүрү кайра» деп тамакты салып, кассирге акчасын төлөдүм, анан «эми өзүң алып, өзүң төлөп турасың» дедим. Анан өзү ошону жасадыбы деп тактасам, “ооба, менин артымда туруп алат, мен тамакты ашпозчудан “тигини жана муну бергиле” дегенден кийин Алмаз мени көрсөтүп, эки эле сөздү айтат орусча “мине тоже” (“мага да ошону” дегени). Алыскы айылдан келген неме тилди кайдан билсин? Иши кылып, ушинтип өзүн багып жүрдү».


Табылды муну айтып атканда, Алмаз жаныбызда отурган, анан бир аз арданып кеткенде, досу дагы бир кылыгын төгүп берди. Боор эзилди. “Бир жолу сабактан кечигип келсе, жатакананы жаап салышыптыр (кечки 11де жаап турушчу), ал анда терезеден кириптир. Аны бирөө көрүп, комендантка жеткирип, жатаканадан кууп чыгышты” деди. «Анан эмне болду?» деп сурасам, “квартирага чыгып кетти, атасынан кошумча акча сурап” дейт. 


«Ушинтип Алмаз досум политехти ийгиликтүү бүтүп, диплом алды, способный болчу. Эмгек жолун 24 жашында (1974-жылы) Уфа деген шаардан, Башкириянын борборунан баштады. Ал кезде ушундай жолдомону биздин политехтен Советтер союзунун масштабында берип турчу. “Ошол жерге барасыңбы?” десе “барам” деген, начар бүткөндөргө андай сунуш кылышкан эмес. Ийкемдүү, айкөл адам эле (добрый). Эмнени сурасаң да отказ жок. 


Уфадан кийин бир топ жерлерди кыдырып иштеди, ал “министерство строительства нефтяной и газовой промышленности” дегендин курамына кирген да. “Нефтепровод” жана “газопровод” дегендерди салган. Иштеген жерлерин эмгек китепчесинен карасам, жөн эле “география СССР” болуп турат. Шаарларын эле тизмелеп берейин. Нижневартовск, Кузбас, Куйбышев, Пермь, Казань, Горький, Ухта, Ужгород, Уренгой, Челябинск, Сургут, Полоцк, Вынгапур. Мындай “эмгек тизмесин” кыргыздардан көргөн жокмун. Укмуш. 


Механиктен баштаган, анан “заместитель управляющего трестом” болду. Албетте, бул жетишкендик. Ишти өтө жакшы аткарган үчүн “Волга” деген машинени бөлүп беришкен. Ошону минип отпускага кичи мекенине келген. Республиканын борборунан (ал кезде Фрунзе шаары) Айымга кезигип, үй-бүлө курду. Кайра Россияга кетпеди. Анан Иниса деген кыз төрөлдү (мен “папина дочка” деп коём, себеби атасынын “ксерокопиясы”). 


Кыз менен чогуу эки уулду тарбиялап, окутту. Алар азыр белгилүү азаматтар. Мидин Конушбаев менин өкүл балам, бизнесмен (ушуга байланыштуу Алмаз экөөбүз куда болуп калдык). “Эми мага бардык жактан байландың” деди. «Макул, чоң саяк, эми мени “конфискация” кылбасаң эле болду» деп тамашалагам. Экинчи уулу Айбек Алмазбекович Конушбаев “Демирбанктын” жетекчилеринин бири. Балдары мыкты чыкты. 


Алмаз 9 жыл сырт жакта иштеп, Кыргызстанга 1983-жылы келген. Анан Кайыңдыдагы сельстройкомбинаттын автобазасына директор болду. 1985-жылы “министр жилищно-коммунального хозяйствого” жардамчы болду (бул мекемени анда легендарный Ахматбек Сүйүнбаев башкарып турган). Андан кийин Аламүдүндөгү райондор аралык техникалык тейлөө станциясын жакшы жетектеди. Кара-Балта, Чалдовар, Сокулук, Воронцовкага техникалык тейлөө станцияларын куруп берди. Беш жыл “Управление кыргызской железной дороги” деген жерде эмгектенди, адегенде бөлүмдүн башчысы, анан начальниктик орун басары болду.


Эгемендиктин доору башталганда ишкер катары таанылды. Бишкектеги “Байтур” деген фирманы түздү. Физприбордогу мончону менчиктештирип, ийгиликтүү бизнести баштап берди. Биз ошол учурда таанышып, дос болдук. Алмаз менен мен Табылды Эгембердиевдин үйүндө таанышкам, ал “Восток-5” кичирайонунда жашачу. Ошол жерге бир күнү саяк досторун чакырыптыр (жалаң гана Суусамырдан чыккандарды). Мени да аларга кошуп койду, себеби буларга күйөө баламын – аялым саяк, өзүм солто. Табылды мени “өтө эле жакшы көрүп” калган учурда, “жаман солто” деп тергечү. Мен аны “кыйын саяк” деп койчумун. Ошол жердеш досторун тизмелеп чыгайын– Орозобек Молдалиев, Өмүрбек Абдрахманов жана Алмазбек Конушбаев. “Сагызганга убал жок” дегендей, буларга комментарийдин кереги жок, “камчыга сап” деген инсандар. Анан Алмаз экөөбүз сарыбагыштарга жакын дос болдук, өзгөчө юстициянын генералы Нарынкул Бопоев жана курулушчу Нарынкул Жоошбеков менен. 


Табылды болсо кыргыздын тарыхына алтын тамга менен жазылды. Кеткени эрте, көтөргөн жүгү тоодой болду. Алмаздын жубайы Айым Сатаровна (техника илимдеринин доктору, профессор) достор тобунун ичинде “непререкаемый авторитет”, ал азыр деле ушундай даражада – эркектерге да, аялдарга да. Анан мен “эки саякка” (Алмаз менен Табылдыга) эки досумду тааныштырдым (экөө тең түштүктөн чыккан мыктылар). Бирөө Эсенбай Нурушев, экинчиси ыраматылык Сатыбалды Жээнбеков. Анан бешөөбүз (Таке, Алмаз, Эсеке, Сатыке жана мен) физприбордогу мончодон бир жыл такай (1994-жыл) жолугуп турдук. Ошол жерге Алмаз чакан “сауна” жасап койгон (ал кезде Бишкекте мындай нерсе жок). Эс алуу, пикир алмашуу, тамаша, ирония. Күлкүгө себептерди Табылды менен Сатыбалды жаратып турушчу. Ошол беш достон азыр Эсенбай экөөбүз калдык. 


Алмаздын “сырлары” бар эле, ушунча жерлерди кыдырса, кантип эле жок болсун? Баарын айтпай, четтерин эле анда-санда чыгарып койчу (саяктар сырларын төгүп-чачып бербейт да). Бир “сырын” айтып берейин.


Алмаздын жубайы Айым Сатаровна Ленинград шаарынан окуп, ошол жерден Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө жакын болгон (бул киши, эсиңерге сала кетейин, биздин биринчи президентибиз). Буга байланыштуу Алмаздын орду “на особом счету” болгон, бирок мында бой көтөрүү деген кыял жок болчу. Керсейсе аны менен дос болбойт элем. “Ажого жакындыгы барлар” досторду “тщательно” ылгап турат да, “ажону сындагандарга” (оппозицияга) бир карыш да жолошпойт. 


Мен ошол кезде Акаевдин командасына “желмогуздай” көрүнчүмүн. Алмаз эч нерсени “ылгабай”, мага жакын болду. “Платон мне друг, но истина дороже” дегендей, «Платон эмне дейт?» деп ойлочу эмес. Чет элдик сөздөрдүн маанисин билбей, күлдүрчү. Бир жолу көзү чылпактап кетиптир, “эмне болду?” десем, “көзүм конфискация болуп атат” деп жооп берди. Мен чочуп кеттим, «Кудай урду, бул такыр эле болбой калган турбайбы!» деп тактадым, «ким сени конфискация кылды эле?» (бу сөздүн мааниси мындай да, “иш эми бүттү, талкаланды”). Анан ал “жөн эле суук тийип калды, бир-эки күндө токтойт” дегенде кептин сырын түшүндүм. Ой, сен туура айтпайсыңбы, мындайды “конъюнктивит” дешет, “конфискация” эмес деп күлдүк. Доктурга барса, ал ушуну айтыптыр, медиктердин термини да, анан буга тили келбей, окшоштура берген. Башкаларга да так ушинтип айткан экен. 


Ушундай кыргызга кантип күлбөйсүң? Мен тамашалап, «орусчаны сен такыр унутуп калдыңбы?» десем, “эмнеге минтип сурадың? Эмнеге унутам, сенин орусча жазган макалаларды окуп атам го?” деген. «Макул, бирок мага дайыма кыргызча жооп бересиң го, Россияда жүрүп, тилди өздөштүрүп албайт белең, “конфискация” дебей» дедим. Ушул сөзгө кийин экөөбүз бир топ жолу кайрылдык, жагымдуу болуп калды. Бирок “конъюнктивит” дегенге тили “все-таки” келбей койду. 


Алмаздын “мурасын” жакындары улайт. “Байтур” фирманы бир тууган иниси Тынчтык Конушбаев абдан эле ийгиликтүү жетектеп жатат. Бул өзү да белгилүү инсан, учурунда Жогорку Кеңешке депутат болду. Эки бир туугандар зор иш аткарды. Борборго Кожомкулдун укмуш бир айкелин курушту. Спорт сарайынын маңдайында турат. Грандиозная скульптура. Таасири күчтүү. Алмаздын кызы Иниса Конушбаева дагы бир “семейный бизнесин” башкарып атат. Конушбаевдердин өлкөдө өзгөчө орду бар. Булар кыргыздын тарыхына из калтырды. 


Алмаздын оорусу абдан күчөп калганда, Айым Сатаровна телефон чалып, “досуң сени көрсөм дейт” деди. Заматта жетип бардык. Менин жубайым Гүлбараны абдан жакшы көрчү, “менин карындашымды сен таарынтпа” деп акцент коюп тамашалачу. «Ооба, ушундай карындашты таарынтып көр, экөөбүздү тизип алып, “маршировка” кылдырат» деп жооп берсем, ыраазы болуп калчу. 


Ошол түнү жанында отурдук. Коштошкусу келген экен. Карындашына арнап сөз айтты, анан “эми экөөбүздү калтыр” деди. Мага карап, “мен болбой калдым, досум” дегенде, колун кыстым. “Айыгып кетесиң, ничего” дедим. “Жок, болду, эми мына, сен айткан конфискация келди, друг мой” деп акырын жылмайды. “Сен тигилерге айт, экөөбүзгө арак алып келсин, сурасам «болбойт» дешет” деди. Балдарга айттым. Аткарышты. 


Ошол түн досум үчүн акыркы болду. Эртең менен кабар келди, “Алмаздан ажырадык, уктаган боюнча эле кетип калды” деген. Кабырга кайышты. Бир жыл өттү. Дагы эле кайышып турат. Үнүн эстейм. Элеси кетпейт. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн