Бугу 14, 2024
Убакыт: 20:01
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Meta Twitterдин Threads аттуу аналогун ишке киргизди

07.07.2023 09:25
964
Meta Twitterдин Threads аттуу аналогун ишке киргизди


Америкалык Meta компаниясы Threads аттуу жаңы социалдык түйүндү ишке киргизди. Ал Twitter'дин негизги атаандашы болору айтылууда.

Meta'нын башкы директору Марк Цукербергдин айтымында, алгачкы сааттарда эле соцтүйүнгө 5 миллиондон ашык колдонуучу катталды.

Threads түйүнүнө кирүү үчүн Instagram аккаунт талап кылынат. Ошол эле маалда жаңы соцтүйүндө Threads тиркемесин колдонуп жаткан инстаграм-профилдердин катталуучулары сакталып калат.

Meta Threads түйүнүн аккаунттарды жана катталуучуларды башка тиркемеге көчүрүүгө мүмкүндүк берген ActivityPub технологиясы менен шейкеш иштегидей кылуу пландалып жатканын билдирди. "Бул ар түрдүү жана өз ара байланышы бар түйүндөрдүн жаңы доорун ачат", – деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, Threads түйүнүндө 500 символдон ашпаган билдирүүлөрдү жазып, беш мүнөткө чейинки видеолорду чыгарууга болот. Учурда бул тиркемени Play Market менен App Store платформаларынан дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрүндө жүктөп алууга болот. Мыйзамдагы чектөөлөргө байланыштуу азырынча тиркемени Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жашоочулары колдоно алышпайт.

Threads Twitter социалдык түйүнүнүн жетекчилиги бир катар талаштуу кадамдарга барып жаткан чакта чыгууда. Дем алыш күндөрү Twitter көпчүлүк колдонуучулар үчүн бир күндө көрүүгө мүмкүн болгон билдирүүлөрдүн санын 600гө чейин чектеген. Ага чейин соцтүйүндүн ээси Илон Маск пропагандага каршы күрөшүү боюнча адистерди иштен кетирген. Анда эксперттердин көбү бул кадам социалдык түйүндүн "коопсуздугун кыйла төмөндөтө турганын" айтышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн