Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Милиция күнүнө карата Жалал-Абад ОИИБде бир катар сыйлыктар тапшырылды

31.10.2020 17:12
877
Милиция күнүнө карата Жалал-Абад ОИИБде бир катар сыйлыктар тапшырылды
  • Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында бир катар сыйлыктар санитардык нормаларды сактоо менен тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма соз кызматы билдирди. 

  • Маалыматка караганда, кыргыз милициясынын өсүп өнүгүшүнө, коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө кошкон зор салымдары үчүн бир катар кызматкерлерге мөөнөтүнөн мурда атайын наамдар ыйгарылды. ИИМдин медалдары ИИОнун ардагерлерине жана кызматта көрсөткөн жетишкендиктери үчүн милиция кызматкерлерине тапшырылды. Ошондой эле өз кесибинин мыктылары Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары менен сыйланышты.


  • Өздүк курамды бүгүнкү майрамы менен Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин убактылуу милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Нурбек Сыдыков куттуктап, жоопкерчиликтүү жумуштарында ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков да сөз сүйлөп, ардагерлерге жана кызматкерлерге бекем ден соолук каалап, милициянын иши татаал жана сыймыктуу экендигин белгиледи.


  • Кыргыз милициясынын 96 жылдык мааракеси менен Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев жана айрым укук коргоо органдарынын облустук башкармалыктарынын жетекчилери да куттукташып, алар менен тыгыз байланышта кызматташып, кызматтык милдеттерин так аткарган бир катар кызматкерлерге сыйлыктарын ыйгарышты.


  • Майрамга карата Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан кызматтык ишмердүүлүктү мындан ары да жогорулатуу максатында айрым бөлүмдөргө компьютерлер, материалдык техникалар берилди.
  • Мындан сырткары ички иштер органдарында көп жылдар үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан кызматкерлерге ак калпак жана чепкен кийгизилип, телевизор белекке берилди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн