Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мылтыкты даярдап койдуңбу?...

11.12.2020 11:46
1334
Мылтыкты даярдап койдуңбу?...
Кечинде аттардын чөбүн кенен салып, малдын баарын жайгаштырган соң үйгө киребиз. Апам үйдө эки куржундун көзүн ачып алып, сары май же каймак, жаңы салынган нан, айран, бир жилик эт, помпосуйларды салып отурган болот.


"Темир чүңкүр табакты салып койдум, кокус, айран суукта тоңуп калса, ботом чий-пий, чырпык-сырпык тутандыра калып болсо да түштө бир ашказанды кампайтып алгыла. Өзөгүңөр карарып калбасын...", "Кайрылып келатканда Ырысбекткине түшөөрсүңөр. Айида келиндин чайы оттон түшпөй шуулдап турат эмеспи, чай ичип алып эле чыксаңар, кесээрип келбей..." "Өтүгүңдү мешке чукул коюп, байпактарыңды жайып жат, ат бастырганда бутуңдун башын кыймылдатып жүрсөң, селейип калбасын...", "Жүн колкапты эле кийип, тиги кайыш бешсаалаңдан беш манжаң өз-өзүнчө жүрөт экен, колуң муздайт...".


Апам ушинтип кобуранып, куржунду толтурганча, атам текчедеги үналгы колуна алып, ары бери бурап, кечки жаңылыктарды угуп отурат. Анан жат-жатка келебиз. Баятан бизге кулак салбагансыган атам ордунан туруп баратып, "балам азамат болбодубу, кайдагы үшүгөн, бир барып капканды көрсөтүп койсом болду, эмкиде өзү эле ышкыган бойдон барып келет", - деп далыман топтоп коёт. Эрдемсий түшөм...


Апам болсо үйдүн эң эле камдуусу. Акыркы "контрольный" суроолорун узатат:
- Таар куржунга ат чалдырчу чөптү шыкап алдыңарбы?
- Ооба, апкелип ээр-токумдун жанына койдук.
- Жүгөндөрдү үйгө алып кирдиңерби?
- Ооба, эки аттыкын тең апкирдим.
- Мылтыкты даярдап жолго койдуңбу?


-....
-Тур, фонарик менен кампага кирсең жыгач жагдандын артында турат, апкелип кой! Караңгыда кайсалап каласыңар. Ок дарыларыңарды толуктадыңар беле?
- Атам салдым деп аткан...


Ошону менен таңга маал турабыз. Баягы эле апам. Эчак туруп отту жагып, чайын даярдап жаткан болот. Биз туруп аттарды токуп, куржундарды артып, анан жуунуп үйгө киребиз. "Нандан чылап ичкиле, майдан салып" дейт апам. Артынан жаңы эле уюган жылуу айранды сунат. Ошону менен салмагы сайдын жарым ташындай оор тондорду киебиз да атам экөбүз эптеп аттын жонуна чыгабыз. Узатып чыккан апам анда да да акыркы сөзүн айтат:
-Тондун этегин далбактатпай такымыңа бекем бас, тизелериң жылуу барат...


Көк-Колотту жөнөйбүз. Ал жакка жылда атам кеч күздө суусар кармаганга капкан коет. Эки жумада бирден барып капкан карап келмей. Таңкы суукка чыйрыккан аттар баары бир Көк-Колотко барып келмейин бизден кутулбасын билгендей шайдоот жөнөйт. Эң эле катуу суук Келтебикке кире бериштеги Кысыкта. Ошол жерге жеткенде тондун жакасын тургузуп, бетибизге калкалайбыз. Андан ары Мечиттен баштап тоонун ичи кадимкидей жылуу... Талды-Суудан өткөндө айлана жарыйт...

Тынчтык Алтымышев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн