Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 03:47
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Министр Догдургүл Кендирбаевадан билим берүүгө кайдыгер мамиле кылбоосун суранабыз

08.11.2023 11:07
2171
Министр Догдургүл Кендирбаевадан билим берүүгө кайдыгер мамиле кылбоосун суранабыз


Ачык кат


Урматтуу Догдургүл Шаршеевна!


Мен пенсионер мугалим, айылдын көптөгөн иштеринде (мектеп, мечит салууда, суу чыгарууда) демилгечи аксакалдардын биримин. Жогорудагы иштердин башында өзүм тургам. Мектеп директору болуп жүрүп пенсияга чыккам. Гапыр Мадеминов менен бир идеяда иштеген педагогмун. Мектебим райондо бардык жагынан алдыда болуп, “бренд” болгон эле. Ал эми азыр мектептеги иштердин солгундап жатышына абдан кабатырмын. 


Мен завуч болордон мурда райкомдон электен өтүп, райОНО башчысынан, райкомдун 3-катчысы, 1-катчысынан өткөрүп, Оштон бир айлык курстан өтүп келип, ишимди баштагам. Төрт жылдан кийин КМУнун ФПК факультетинен (Исхак Бекбоев декан эле) эки ай директорлдорду даярдоо курсунан окугам. Мени менен даярдоо курсунан өткөн кээ бир коллегаларым директор болбой калышты.


Мени даяр кадр деп 1979-жылы райОНО башчысы өзү тандап, райкомдун үгүт-насаат бөлүмүнөн райкомдун 3-катчысы, райкомдун 1-катчысынан электен өткөрүп (собеседование), алар Ош облОНОнун буйругунун негизинде Лейлек райОНОнун буйругу чыгып, аны Лейлек райкомунун бюросу бекитип, анан директорлук ишиме киришкем. Анда кадр тандоо маселеси өтө курч коюлган кез эле. 


Ал эми азыр кандай? Директор болгусу келгендер коллективге кадыры сиңе элек, атайын даярдоодон, элдин назарынан өтпөгөн, “попутчиктер” директор болушуп, алдыңкы, тажрыйбалуу директорлор “беш жыл иштептир” деген шылтоо менен четте калып калышты. Бул мыйзамдан “өтө ыңгайлуу” пайдаланган Лейлек райОНОнун башчысы Улукбек Жээмуратов каалагандай жоруктарды жасады. Ал тажрыйбалуу, үлгүлүү директорду райондун, элдин кызыкчылыгы үчүн сактап, башка мектептерди алдыга сүйрөө үчүн ротациялык ыкмадан пайдаланбастан, четке чыгарып таштады. Ошондуктан билим сапаты төмөндөп, көрсөткүчү артта калып, Лейлек райондук администрация башчысынан сөгүш алды. Кадр тандоо боюнча конкурсту компьютерлештирип, “жансыз электен” өткөрүү жолуна өтүштү. Компьютерби, же казинобу – түшүнүксүз. “Жансыз электи” жандуулар башкарып, “утуп” жатышат. 


Менин кызым Разия Латипова (мурда көп жыл завуч болгон) мектепке директор болуп калып, аты чыкпай калган мектепти район боюнча 1-орунга чыгарып, ошол кездеги райОНО башчысы Ниязалиева ошол Б.Саттаркулов атындагы мектепте жылдын жыйынтыгын чыгарып, белек тапшырып кеткен. Мектеп директорлору “кызыңыз ата жолун жолдоп, мектепти биринчиликке чыгарды” деп мага каалоо-тилек айтышты. Ал эми У.Жээмуратов Ниязалиеванын үстүнөн компромат даярдап жүрүп коррупция болуп кетти окшойт, өзү отуруп калды. Өзү директор убагында мен да директор элем. Аты чыкпай эле жүргөн. “Ырда” десе ырдап, “отур” десе отурган музыкант (артист) директор эле.


РайОНО башчысы болгондон кийин менин кызыман кошоматчылыкты талап кылып, киришип алды. Кызым көп ойлонуп, ооруп калды. Ооруганда ордуна завучтары убактылуу директордун милдетин аткаруучу болуп калуусу керек эле, ал башка эле компетенциясы жок мугалимге буйрук чыгарып, беш ай бою ашыкча айлык жаздырып, финансылык эрежени бузуп, мамлекетке чыгым келтирди. азөия “Конкурска катыш, же кет” дей берип, конкурсунан да өткөрбөй, өзү каалаган, эл арасында “ушул директор болсо” деген кадырга жетпеген бир мугалимди өткөрттү. Дагы казинодон уткандай болду. Бул жоруктарды ойлоп отуруп, төмөнкү цитата эске түшөт: 


“В Стелленбеском университете расположенном в ЮАР висит напоминание: 


- уничтожение любой нации не требует атомных бомб, или использовать ракеты дальнего радиуса действия. Требуется только снижение качество образования и решение обмана учащихся на экзаменах;


- пациенты умирают от рук таких врачей;


- здание разрушаются от рук таких экономистов и бухгалтеров;


- справедливость утрачивается в руках таких юристов и судей;


- крах образование – крах нации”. 

(Кируля Асколонская)


Билимибиз да, улутубуз да “крах” боло электе жаңы министр Кендирбаева Догдургүл Шаршеевна билим берүүгө кайдыгер мамиле кылбоосун суранабыз. Келечектин таптаза ээлерин билимдүү, эрудициясы жогорку адистер тарбияласын!


Мамлекеттин идеологиясын таркатуучу жана турмушка ашыруучу бирден-бир министрлик – билим берүү жана илим министрлиги эмпеспи. Мамлекетти жакшы жолго жетелечү негизги үгүттөө иштери көчөлөргө, китептерге, күндөлүктөрдүн жана дептерлердин мукабасына чыгып турса, элдин, жаштардын жүрөгүнө сиңе берсе эмне болмок? Илим, адеп жөнүндө хадистерден мечиттердин айланасында, Жусуп Баласагындын, Исхак Раззаковдун, Жусуп Абдрахмановдун, президенттин сөздөрү көчөлөрдө илинип турса эмне болмок?

Кайда барба, тоок жеген артисттин жанында сакалчан чал турат. Бул чал Ленинден да өтүп кетти го Кыргызстанда. Көчөдөгү жазуулар жалаң латынча. Мамлекеттик тил, тамгалар эмне болгон? Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, бул министрлик идеологиялык жактан сиздердин бирден-бир “оң колуңар” болуусу керек эле го?..


Элге билим берүү бөлүмү райондордо да ушундай акыбалда, эски жол менен кетип жатышат. Лейлектин мектептеринде райОНОдон ийменип, кооптонуп иштеген директор көрүнбөйт. Себеби, алар бири-биринин “жүзүнөн” өтө алышпайт. 


Министрлик менин кайрылуу катыма Лейлек райОНО башчысынын телефондон айткан сөзүн гана жазып жооп берип коюптур. Муну мен министрликтин кайдыгер, маданиятсыз жообу деп билем. Райондо биринчиликке чыккан директордон кошоматчылыкты талап кылган райОНО башчысы мыкты болуп, мектеп директору коррупциянын курмандыгы болуп кала береби?!

Мектеп директорлорун тандоо боюнча министрликтин жүргүзүп аткан иштери такыр туура эмес. Директор боло турган кадрлардын резервдери айыл өкмөтүнүн, раОНОнун, акимчиликтин номенклатурасында туруусу керек. Облустук администрациянын макулдугу менен директор болуп бекитилүүсү абзел. Бул министрлик билим берүүнү да, улутту да “крах” кылбашы зарыл. Билими, тажрыйбасы, эрудициясы жетишпеген жетекчи тарбия, билим берүү очогун кантип жетектейт? Лейлектин райОНО башчысы мени “оорулуу” деп айтыптыр. Ушундай жалганчы, Кудайдан коркпогон Жээмуратов жооптуу кызматта иштөөгө моралдык акысы жок деп билем. Мен азыр Жээмуратовдон жакшы иштей ала турганга ден соолугум, дараметим жетиштүү. Мындай жалганчыга тийиштүү жаза берилишин суранам!


Урматтуу Догдургүл Шаршеевна!


Сизге ишиңиздеги жаңы-жаңы ийгиликтерди, талыкпаган эмгекти тилейм. Келечектин таза ээлерин тарбиялай бериңиз! Эски даракты кеспесе шаар көрккө келбеген сыңары сиз да “эски дарактарыңыздан” арылып, билим берүү мекемесин ишеничтүү кадрлар менен толуктаңыз. Сизге дагы бир ирет ийгилик каалайм!


Абдилазим Латипов, ардагер мугалим, Лейлек району, Көк-Таш айылы 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн