Бугу 13, 2024
Убакыт: 21:25
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Министрлер кабинетинин төрагасы “Евразия - биздин үй” көргөзмөсүнө катышты

09.06.2023 15:52
1448
Министрлер кабинетинин төрагасы “Евразия - биздин үй” көргөзмөсүнө катышты


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия экономикалык биримдигинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйындарына арналган “Евразия - биздин үй” эл аралык көргөзмөсүнө делегация башчылары менен бирге катышты.

Көргөзмөнүн жалпы аянты 7 миң чарчы метрден ашуун аянтты түздү. Көргөзмөдө Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттерден, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен 150дөн ашуун компаниялар өз продукцияларын көрсөтүштү.

Көргөзмөдө ошондой эле, Кыргыз Республикасынын стенди дагы орнотулду. Анда өнөр жай кооперациясынын жана ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукциялары коюлган.

ЕАЭБ жана КМШ өкмөт башчылары “Евразия электробус” кооперативдик долбооруна өзгөчө көңүл бурушту.

Долбоордун негизги максаты – ЕАЭБ өлкөлөрүндө эксплуатациялоо үчүн эң ылайыктуу, электр станциясы менен шаардык автобусту иштеп чыгуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн