Тогуздун айы 12, 2025
Убакыт: 10:00
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Министрлик автотыгын маселесин чечүү үчүн бишкектиктерди коомдук транспортко өтүүгө чакырды

27.09.2023 11:31
367
Министрлик автотыгын маселесин чечүү үчүн бишкектиктерди коомдук транспортко өтүүгө чакырды


Бишкек калаасында 450 миңге чукул автоунаа бар. Автотыгын маселесин чечиш үчүн эки-үч машинасы барлар коомдук транспортко өтүшү керек. Бул туурасында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек — Аламүдүн аймактык башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Шаршеев билдирди.


Анын айтымында, Кыргызстанда баш-аягы 1,5 миллион транспорт болсо, анын 450 миңи Бишкекте.


"Эгер ушунча сандагы автокөлүктүн ар бири шаарга чыкса, автотыгын көйгөйүн чече албайбыз. Бизде көп үй-бүлөлөрдө эки-үчтөн автоунаа бар. Ыңгайлуулук, комфорт деген нерселерге караганда элдин, муундун ден соолугу алда канча маанилүү. Андыктан коомдук транспортко өтүш керек", — деди Шаршеев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн