Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун тексти:
“Бүгүн биз өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон майрамды – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнүн белгилеп жатабыз. Авиация ар дайым Кыргызстан үчүн өзгөчө орунду ээлеп келген, ал биздин тоолуу өлкөнүн аймактарын бири-бири менен туташтырып, дүйнөгө жол ачып берет.
Биз терең ыраазычылык менен ата мекендик авиациянын алгачкы кадамдарын жасаган жана кийинки муундар үчүн бекем пайдубал түзгөн инсандарды эскеребиз.
Акыркы жылдары бул тармак жаңы өнүгүү баскычына чыкты. “Талас”, “Каракол”, “Нарын” жана “Казарман” аэропорттору пайдаланууга берилди. “Манас” аэропортунда модернизация иштери жүрүп жатат, ал эми “Ош” жана “Ысык-Көл” аэропортторунда жаңы терминалдар курулууда. Ошондой эле өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхындагы эң ири долбоор болгон Жалал-Абад облусунда жаңы эл аралык аэропортунун курулушу башталды.
Мындан тышкары “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому өз каражаттарынын эсебинен өлкөнүн авиация паркын жаңы аба кемелери менен толуктап, “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы үчүн “Бомбардиер Даш-8” (Bombardier DASH 8 Q400) үч аба кемеси менен толуктап, ички жана региондор аралык каттамдардын жыштыгын көбөйтүү менен Кыргызстандын аба ташуу тармагындагы позициясын чыңдап жатат.
Учурда Кыргызстанды Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча акыркы этап жүрүп жатат. Дал ушул күндөрү өлкөбүздүн делегациясы Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, бул маселени талкуулоодо.
Жакынкы келечекте Европа асманы кыргыз авиакомпаниялары үчүн кайрадан ачылары күтүлүүдө. Биздин алдыбызда чоң милдеттер турат: аэропортторду модернизациялоону аяктоо, эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтүү, Кыргызстанды Азия менен Европанын ортосундагы транзиттик көпүрө катары чыңдоо жана жаңы муундагы жогорку квалификациялуу авиация адистерин даярдоо.
Авиация – бул өлкөнүн биримдигинин символу, жарандар үчүн ыңгайлуулук, туристтер үчүн ачыктык жана мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнүн символу. Ардактуу авиация кызматкерлери жана ардагерлер, баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Асманыңыздар дайыма ачык, учушуңуздар ишенимдүү, бийиктигиңиздер жаңы болсун!“
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн