Бугу 20, 2024
Убакыт: 00:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Минсктеги мектепке Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылды

08.05.2024 11:31
113
Минсктеги мектепке Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылды


Күн мурун, 7-майда, Минск шаарынын № 11 орто мектебине Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык жоокер Жумаш Асаналиевдин ысымын ыйгарууга байланыштуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев, элчиликтин кызматкерлери жана Кыргызстандын Беларуста жашаган жарандары катышты.

Мектеп окуучулары жана иш-чаранын коноктору алдында сүйлөгөн сөзүндө Эрбол Султанбаев Жумаш Асаналиевдин эрдиги бардык келечек муундар үчүн чыныгы патриоттуулуктун жана эрдиктин үлгүсү экенин белгиледи.

Элчи бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү өз өлкөсүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ошондой эле Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө салым кошо алган мыкты адистер жана өз мекенинин чыныгы патриоттору болуп чыгышына тилектештигин билдирди.

Иш-чаранын алкагында мемориалдык тактанын ачылышы жана мектеп окуучуларынын катышуусунда концерттик программа тартууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн