Теке 04, 2025
Убакыт: 18:51
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолу жабылды

Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолу жабылды

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, кечээ, 2-августта саат 18:45 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 51-чакырымында болжол менен 10-15 куб метр таш түшкөн.


Учурда унаа жол жабык, жабыркагандар жок. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч тартылып, түшкөн таштын көлөмү чоң болгонуна байланыштуу техниканын кубаттуулук күчү жеткен эмес.


Бүгүн, 3-августта жолго түшкөн ташты жардыруу жолу менен тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн