Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 17:13
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Мыйзамсыз түрдө чөнтөктөргө агылган каражат. "Ош" базарындагы талаш (видео)

23.01.2023 10:21
1691
Мыйзамсыз түрдө чөнтөктөргө агылган каражат. "Ош" базарындагы талаш (видео)



Бишкек шаарындагы "Кыял" соода борборунун жанындагы базарда соода кылгандардан 6 айдан бери мыйзамсыз акча чогултулуп келет. Бул тууралуу "Сокол медиа" өзүнүн журналисттик иликтөөсүндө билдирди.


Маалым болгондой, "Кыял" соода борборунун жанындагы базар 2022-жылдын июнь айына чейин "Элдик чеберлер союзу" коомдук бирикмеси тарабынан ижарага берилип келген. Бирок аталган убакта "Элдик чеберлер союзу" бирикмесинин келишими бүткөнүнө карабастан бүгүнкү күнгө чейин соодагерлерден ижара акысы жана кошумча төлөмдөр мыйзамсыз чогултулуп келген.


Мындан улам, карапайым соодагерлер райондук администрация жана Бишкек шаарынын мэриясына кайрылып, базарды муниципалдык базарга айлантууну өтүнгөн.

Жергиликтүү бийлик органдары бул сунушту колдоп, аталган базарга көзөмөл кылуу үчүн "Кыял Гранд" коомдук бирикмесин түзгөн.


Иликтөөдө аталган эки бирикменин талашы менен зар какшаган соодагерлердин убайымы тууралуу баяндалат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн