Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:55
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Москвада чоң породадагы ит ээсин тиштеп өлтүрдү

05.02.2024 18:38
1731
Москвада чоң породадагы ит ээсин тиштеп өлтүрдү


Москванын Коптево районунда ит ээсин тиштеп өлтүрдү. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.


Mash.ru басылмасынын маалыматына ылайык, ал кишинин жанында 2 жана 4 жаштагы балдары болгон - жаныбар аларга тийген эмес.


Окуя көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Жаш балдардын ыйлаганын уккан үй-бүлөнүн кошуналары 112 кызматына телефон чалган. Дарекке жеткен милиция кызматкерлери эшикти ачып, батирдин ээсинин тамагы тиштелип жатканын көрүшкөн. Окуя болгон учурда маркумдун жубайы үйдө болгон эмес.


Бир версия боюнча, чоң породадагы ит маал-маалы менен сабап тургандыгы үчүн кишиге кол салган болушу мүмкүн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн