Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Москвада чуу жараткан видеодон кийин кыргыз-өзбек элинин ынтымагы талкууланды (видео)

07.04.2020 13:52
1262
Москвада чуу жараткан видеодон кийин кыргыз-өзбек элинин ынтымагы талкууланды (видео)

Москва шаарында Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинде кыргыз- өзбек элдеринин диаспора жетекчилери жана активисттери жолугуп, эки элдин ынтымагын бекемдөө тууралуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу КМШга мүчө мамлекеттерде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана башка кооптуу кылмыштарды көзөмөлдөө бюросунун директорунун орун басары Аскат Алиев билдирди.


Анын айтымында, эки күндөн бери Москвада Шафхат аттуу башка улуттун өкүлүнүн видеосу социалдык тармактарда таркап, элди дүрбөлөңгө түшүрдү. Анда эки адамдын талаш-тартышынан улам эки коңшу өлкөлөрдүн тарыхына шек келтирилген жана ыплас сөздөр менен коштолгон. “Аны көрүп, ансыз да дүйнөлүк апааттан санаа тартып турган калкыбыз бушайман болушту”, - дейт А.Алиев.


Бул жагдай боюнча маселе Элчиликтеги ыкчам штабда талкууга алынып, штаб жетекчиси Аликбек Жекшенкуловдун демилгеси менен кыргыз-өзбек диаспора жетекчилери жана активисттери жолугуп, жогорудагы фактылар талкууланып жана мындан наркы ынтымакты бекемдөө, провокациялык иштерге жол бербөө аракеттери айтылды.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн