Бугу 13, 2024
Убакыт: 08:39
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Москвада өз баласын сабаган жаран боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жатат

18.04.2020 11:31
982
Москвада өз баласын сабаган жаран боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жатат


Москвада өзүнүн баласына зомбулук көрсөткөн Ж.Э. аттуу жарандын иш-аракетине юридикалык баа берүү үчүн текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Кечээ, 17-апрель күнү социалдык тармактарда Москвадагы кыргыз жараны батиринде өзүнүн жашы жете элек баласына зомбулук көрсөткөн видео тарап, ал коомчулук тарабынан кызуу талкуу жараткан.


Бул боюнча ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн соң водеодогу адамдын өздүгү такталып, ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Жубайы 1987-жылы туулган Ж.Ж. экендиги такталды. Ошондой эле иликтөөнүн жүрүшүндө ал үй-бүлөсү менен кошо 2019-жылы 16-октябрда Россия Федерциясына учуп кетишкендиги жана учурда Москва шаарында жашап жаткандыгы маалым болгон.


Андан сырткары ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан Москва шаары боюнча кылмыш иликтөө башкармалыгына, аймактык бөлүмдөрүнө жогоруда көрсөтүлгөн жаранга карата мыйзамдарга ылайык чара көрүү боюнча кат жөнөтүлүп, ИИМдин Кунцево району боюнча бөлүмүнө аталган факты катталган.


Бул окуя 2020-жылдын 16-апрелинде саат 11:00дө болгондугу, аны жубайы Ж.Ж. телефонго тарткандыгы жана WhatsApp мессенджери аркылуу атасына жөнөткөндүгү аныкталган. Ал эми атасы туугандарына жөнөтүп койгондуктан, ал социалдык тармактарга тарап кеткен.


Азыркы учурда аймактык бөлүмдүн кызматкерлери менен биргеликте аталган фактыга юридикалык баа берүү үчүн териштирүү жүрүүдө. Учурда полициянын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери аталган окуяга тиешеси барлар суралууда.


Андан сырткары, жогорудагы үй-бүлө үч баланы тарбиялап жатканы, учурда жубайынын 5 айлык боюнда бар экендиги маалым болду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн