Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 16:58
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Москванын концерттик залында атышуу болуп, каза болгондор жана жарадар болгондор бар

23.03.2024 09:27
1196
Москванын концерттик залында атышуу болуп, каза болгондор жана жарадар болгондор бар


Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында "Пикник" тобунун концерти боло турган жерде белгисиз адамдар ок чыгарышкан. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.


Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондор жана жаракат алгандар бар. Концерттик залдын имаратынын бир бөлүгү күйүп кеткен.


Москванын мэри Сергей Собянин каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, “Крокус Сити Холлдо” болгон окуяны коркунучтуу трагедия деп атады.


«Бүгүн түнү Красногорсктогу концерттик залда иш-чара башталар алдында камуфляждуу кийимчен белгисиз адамдар имаратка кирип келип, ок чыгара башташкан. Жабыркагандардын саны такталууда, оюн-зоок борборунун имаратында өрт чыгып, жарандар эвакуацияланууда», — деп билдирди Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасы.


Расмий эмес маалыиаттарга караганда, 40 жаран каза болуп, 100дөн ашууну жаракат алган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн