Билим берүү кызматкерлеринин шайлоо өнөктүгүнө активдүү катышуусу маанилүү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, буга чейинки өткөн шайлоолордо саламаттык сактоо, маданият жана билим берүү тармагынын кызматкерлери шайлоо комиссияларынын курамында жигердүү иштеп, чоң салымын кошуп келген.
Алсак, өлкө боюнча 2492 шайлоо участкасында иштеген 24 миң 995 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ичинен 15 миң 496сын мугалимдер түзөт (63% жакын). Ошондой эле 1 655 шайлоо участкалары республиканын орто мектептеринде жайгашкан.
Бирок акыркы мезгилде Агартуу министрлигинин айрым райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектеп директорлору мугалимдерди шайлоо комиссияларынын курамынан негизсиз чыгарып жатканы тууралуу маалыматтар БШК мүчөлөрүнүн жер-жерлердеги жолугушуулары учурунда белгилүү болду.
Борбордук шайлоо комиссиясынын белгилешинче, мугалимдерди шайлоо процессине тартуу талапкерге үгүт жүргүзүү же байкоочу болууга эмес, уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн зарыл. Анткени алардын көп жылдык тажрыйбасы жана жоопкерчиликтүү мамилеси алдыдагы масштабдуу шайлоо өнөктүгүн кынтыксыз жана сапаттуу өткөрүүгө чоң жардам берет.
Ушуга байланыштуу БШК билим берүү кызматкерлеринин шайлоо иштерине кошкон салымын жогору баалап, аймактардагы жетекчилерди мугалимдерге негизсиз тоскоолдук жаратпоого чакырат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн