Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:31
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Мурас-Ордо конушунда эки бала сууга чөгүп каза болду

Мурас-Ордо конушунда эки бала сууга чөгүп каза болду


Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо конушунда эки бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районуна караштуу Мурас-Ордо жаңы конушундагы көлмөгө 5 жаш бала музда ойноп жатып, сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

3 бала жергиликтүү тургундар тарабынан суудан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Ал эми 2 баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 11 жаштагы О.У. аттуу кыз жана 9 жаштагы О.Н аттуу бала каза болгон.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн