Тогуздун айы 13, 2025
Убакыт: 16:30
USD
87.30
87.80
EUR
101.10
102.10
RUB
1.070
1.095

Мурас-Ордо конушунун 69 жаштагы тургунунун денеси каналдан табылды

Мурас-Ордо конушунун 69 жаштагы тургунунун денеси каналдан табылды

Аламүдүн районундагы Мурас-Ордо конушунун изделип жаткан 69 жаштагы тургунунун сөөгү Чоң Чүй каналынан табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.


Эске салсак, А.А. атуу аял 23-январь күнү аталган конуштагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 24-январда аялдын кийимдери Калыс-Ордо конушунда Чоң Чүй каналындагы көпүрөнүн алдынан табылган. Аны милиция менен куткаруучулар издеп жаткан.

“Бүгүн жеринде төрт куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп, натыйжада аялдын сөөгүн суудан табышты”, — деп айтылат билдирүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн