Теке 27, 2024
Убакыт: 11:47
USD
EUR
RUB

Мурдагы бажычы Замирбек Карашев 18,8 млн төлөп абактан чыкты

21.02.2024 15:08
985
Мурдагы бажычы Замирбек Карашев 18,8 млн төлөп абактан чыкты


Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев абактан чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.


Маалыматка ылайык, сот Карашевдин бөгөт чарасын өзгөрткөн.


Бажы жетекчисинин мурдагы орун басары адамды мыйзамсыз эркинен ажыратууга көмөктөшкөн деп шектелүүдө. Ал мамлекетке 18 миллион 895 миң сом төлөп, чыгымдын ордун толтурган. Карашев сыртка чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде бошотулган.


Карашевди абактан бошотуу боюнча өтүнүчтү УКМКнын тергөөчүсү келтирген.


Эске салсак, Замирбек Карашев кармалганы тууралуу өткөн жылдын 11-октябрында белгилүү болгон. Ал Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп 2019-жылдан 2021-жылга чейин иштеген. Соцтармак колдонуучулары аны "Бажыда коррупция жок" деген сөзү менен эстеп калышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн