Бугу 02, 2024
Убакыт: 09:15
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Надира Нарматова, ЖК депутаты: “Олимпиаданы бизнеске айлантып алышканбы?”

08.04.2024 17:16
818
Надира Нарматова, ЖК депутаты: “Олимпиаданы бизнеске айлантып алышканбы?”


- Надира Азимовна, социалдык комитеттин жыйынында сиз Жалал-Абаддагы олимпиада боюнча айтканыңызды угуп калдык. Ошондой факты чын эле болгонбу? 


- Жалал-Абадда кыргыз тили боюнча олимпада өтүп, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан 300дөй окуучу катышкан. Жол киресин окуучулардын ата-энелери төлөп, ар бири миң сомдон беришиптир. “Олимпиаданы бизнес кылып алыпсыңар” деп элдин баары нааразы болуп кетишиптир. Окуучуларга чай бербесе, тамак бербесе, 1000 сомдон чогултуп эмне кылат?


- Эреже боюнча мындай сынактарга бюджеттен акча бөлүнсө керек?


- Социалдык комитеттин отуруму болгондо мен билим берүү министринен сурасам, “райондук, облустук, республикалык олимпиадалар үчүн да каражат бөлүнгөн, биз акча чогулткан жокпуз” деп айтты. Ошон үчүн мен “карап, текшерип мага маалымат бериңиз” деп министрге протоколдук тапшырма бердим.


- Демек, текшере турган иш турбайбы?


- Ооба. Керек болсо органдар текшериши керек. Кечээ менин вотцабыма “жеңүүчүлөргө белек алып тапшырмакпыз” деп жазышыптыр. Жеңүүчүлөрдү сыйлоого деле каражат каралган да. Анан калса, жеңүүчү деп табылган 3-4 окуучуга 300 миң сомдук сыйлык берилбейт да, көп болсо грамота тапшырылат.


Булак: «Азия Ньюс» гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн