Баш оона 05, 2025
Убакыт: 00:51
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.085
1.110

Бир суткада 6 медик коронавирус жуктуруп алды

05.06.2020 10:23
1069
Бир суткада 6 медик коронавирус жуктуруп алды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу 5-июндагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.


Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1 жана Нарын облусунда 3 медиктен инфекция табылган.


Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды. Муну менен оорудан айыккандардын жалпы саны 272 ак халатчанга жетти.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 378 учур катталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн