Бугу 14, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Нарын: Вирус жуктуруп алып, дарылануудан баш тартып жаткан адам тергелүүдө

08.04.2020 15:51
1184
Нарын: Вирус жуктуруп алып, дарылануудан баш тартып жаткан адам тергелүүдө


Интернет булактарында Нарын шаарынын О.М. аттуу тургуну коронавирус жугуштуу илдетине чалдыкпагандыктан дарылануудан баш тартып жаткандыгын жана үй-бүлө мүчөлөрү медициналык каражаттарды ичкендигинин натыйжасында ден соолуктары начарлап жаткандыгы жөнүндөгү видеокайрылуусун жарыяланган.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2020-жылдын 2-апрель күнү Нарын ШИИБине Нарын райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирүү менен кайрылып, 2019-жылдын ноябрь айында Пакистан мамлекетине дааватка кетип, кайра 2020-жылдын 15-мартында Лахор-Ташкент, Ташкент-Бишкек каттамы менен Кыргызстанга кайтып келген Нарын шаарынын тургуну О.М. аттуу жарандан коронавирус аныкталгандыктан, ага карата коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы боюнча мыйзам  чегинде чара көрүү жөнүндө кайрылган.


Анткени, ал жаран менен байланышта болду деген себеп менен дарыланып жаткан Нарын шаарынын 3 тургунунан да 2020-жылдын 30-мартында коронавирус оорусунун белгилери аныкталган.


Жазык кодексинин 280-беренесинде (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери бар экендигине байланыштуу 3-апрелде Нарын ШИИБси тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталып, аталган жаран изоляцияда болгондугуна байланыштуу аны менен түздөн түз тергөө аракеттери ал сакайгандан кийин жүргүзүлө тургандыгы белгилүү болду.

Азыркы учурда тиешелүү жерлерге суроо каттар жиберилип, ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн