Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:42
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Нарын облусунда козголгон кылмыш ишинин алкагында УКТ мүчөсүнө карата профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

06.03.2024 11:52
301
Нарын облусунда козголгон кылмыш ишинин алкагында УКТ мүчөсүнө карата профилактикалык иш-чара өткөрүлдү


Нарын облусунда козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун (К.Асанбек) мүчөсүнө карата профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

2024-жылдын 2-мартында УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2 жана 3-бөлүгү "Бейбаштык, ок атуучу, газ-травмалык куралдарды, бычактарды, кастеттерди, жана башка дүрмөтсүз куралдарды, же болбосо ден соолукка залал келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган башка каражаттарды колдонуу аракети менен” козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө карата профилактикалык иш-чара өткөрүлдү:

- Жумгал районунун Куйручук айылынын тургуну, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, 1983-жылы туулган, С.К.К., криминалдык чөйрөдө "Кузя" деп аталып, ИИМдин маалымат базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана 12 жолу соттолгон, КР Кылмыш-жаза кодексинин 97-берене "Киши өлтүрүү", 168-берене “Каракчылык", 167-беренесинин 1-бөлүгү, 201-беренеин 3-бөлүгүнүн, 3-пункту, 206-берененин 2-бөлүгүнүн, 1-пункту "Тоноо" (3 жолу), 166-берененин 2-бөлүгүнүн, 3-пункту "Алдамчылык", 200-берененин 1-бөлүгү "Уурулук", 209берененин 1-бөлүгү "Алдоо жана ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу менен мүлктүк зыян келтирүү", 268-берененин 1-бөлүгү (2 жолу), 283-берененин 1-бөлүгү "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо”, 123-берене "Максаты жок баңги каражаттарды же психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун анча чоң эмес өлчөмдө мыйзамсыз даярдоо, сатуу" боюнча.

Профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө С.К.К. криминалдык топторго мүчө болуудан жана уурулардын идеясына кирүүдөн баш тарткан.

Үстүбүздөгү жылдын 29-февралынында УКМК уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ички иштер органдары менен биргеликте К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү С.К. кармалды.

Тактап айтканда, УКМКнын оперативдүү маалыматтарынын алкагында Жумгал районунун Куйручук айылынын тургуну С.А. К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү - С.К. тарабынан сабалгандыгы боюнча ички иштер органдарына ыкчам маалымат келип түшкөн.

Куйручук айылынын тургуну С.А. өз кайрылуусунда К.С. физикалык зомбулук көрсөтүү жолу менен аларга тамак-аш жана спирт ичимдиктерин сатып алууну талап кылгандыгын белгилеген. С.А. талаптан баш тарткан учурда, аталган адам арыз ээсинин башына тапанча такап, денесине бир нече жолу урган.

Үстүбүздөгү жылдын 29-февралында бул факты боюнча Жумгал РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан маалыматтык эсепке алуу журналына киргизилип, анын алкагында Жумгал РИИБнин жана райондук прокуратуранын кызматкерлеринен турган ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн.

2024-жылдын 1-мартында Жумгал райондук ИИБ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2 жана 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында К.С.нын Куйручук айылындагы жашаган жеринде "кароо" жүргүзүлгөн.

К.С.нын үйүн тинтүү иштери учурунда, 15 жана 17 жаштагы эки жашы жете элек кыз, 2006-жылы туулган Талас облусунун Талас шаарынын тургуну Т.Н.А. жана 2008-жылы туулган тургуну С.А.С болгон, алар Бишкек шаарынан Куйручук айылына К.С.нын үйүнө конокко келгенин айтышкан, мындан тышкары болжолдуу түрдө "Макарова" системасынын ок атуучу куралы табылып, ал боюнча баллистикалык экспертиза дайындалган.

Жогоруда аталган кыздарга карата Жумгал райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрүн тартуу менен алардын ишмердүүлүгүн активдештирүү жана андан ары жакындарына өткөрүп берүү чаралары көрүлүүдө.

КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 280-беренесине ылайык, С.К.К. Жумгал РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыштуу чөйрөдө аталган жаран менен байланышкан адамдардын башка мүмкүн болгон кылмыш иштерин аныктоого жана документтештирүүгө багытталган тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн