Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нарын жана Ошто сууга чөгүп кеткен 7 жаштагы эки бала изделүүдө

10.08.2020 09:36
900
Нарын жана Ошто сууга чөгүп кеткен 7 жаштагы эки бала изделүүдө


Нарын жана Ош облусутарында сууга чөгүп кеткен 7 жаштагы эки баланын сөөгү изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылынан өткөн Чу дарыясына 2013-жылы туулган кичине бала чөгүп кеткен. 9-август күнү издөө иштерин улантуу максатында 11 куткаруучу тартылып, саат 20:20да иш-чаралар убактылуу токтотулган. Издөө иш-чаралары 10-август күнү улантылат.


Мындан сырткары, Кара-Суу районунда 9-август күнү Мады айыл аймагына караштуу Ачы айылындагы каналга 2013-жылы туулган жаш бала чөгүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, саат 21:20да иш-чаралар убактылуу токтотулган. Издөө иш-чаралары 10-август күнү улантылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн