Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нарында пандемия боюнча өз ара териштирүү, тирешүү күч алдыбы?

01.02.2021 11:10
1373
Нарында пандемия боюнча өз ара териштирүү, тирешүү күч алдыбы?


Өкмөт тарабынан түзүлгөн пандемияны иликтөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу курамдын (комиссия) маалыматына карата Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын бөлүм башчылары К.Касымалиева, Э.Алкожоева, Н.Жакыбалиева маалымат жыйын өткөрүштү. Дарыгерлер негизинен жогорудагы курамдын мүчөсү, мурда ушул оорукананын деректиринин орун басары болуп иштеген Самат Асаналиевдин билдирүүсүн кескин сынга алышты. Жаңы вирусту дарылоо оор болгондугун, улам жаңы протоколдор менен дарылоо жасалгандыгын, келген гумжардамдарды өзү жетектегендигин, бир нече күндөп үй бетин көрбөй иштегендиктерин, кээси ооруп айыккандыктарын, бирок 200 миң сом төлөм албай калгандыктарын, ошол эле учурда С.Асаналиев 200 миң сом алгандыгын, бул жерде башкы пулмонолог Талант Сооронбаевге каралоо жүрүп жаткандыгын белгилешти. Жагдай боюнча С.Асаналиевге байланыштым. Ал дарыгерлердин жүйөөсүнө макул эмес болуп чыкты.


-          Мен эми баарысын ачык айта албаймын. Жакында Коопсуздук кеңешинде маселе каралат. Ошондон кийин ачыкталат. Бул жерде туура, врачтарда күнөө жок. Алар деле солдат да. Команданы аткарышат. Өздөрүнө кабыл алышкандыгы өкүнүчтүү. Гумжардам боюнча толук отчет турат. Өзүлөрү да мүчө болушкан. 200 миң сом алганмын. Бирок а кишилердей кошумча 60 миңдеген сом акча албадым да, - деген жообун келтирди.


Күмөндөр Усуптегин, Нарын


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн