Кулжа 18, 2025
Убакыт: 12:54
USD
87.30
87.80
EUR
100.00
101.00
RUB
1.100
1.140

Нарындагы жол кырсыгынан 9 адам жаракат алды

24.06.2020 11:12
1278
Нарындагы жол кырсыгынан 9 адам жаракат алды

 

Кочкор районунда 23-июнь күнү саат 11:55 чамасында Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 173-чакырымында (Кувакы ашуусу) “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып таш сүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 5 чоң киши жана 4 жаш бала жеңил жаракат алышкан. Куткаруучулар жабыркаган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн