Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:08
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Назира Саалиева: “Эрнистин “Сүйүү мунарын” Каныкей Эралиева ырдап, тушоосун кесип берди”

03.02.2023 12:17
790
Назира Саалиева: “Эрнистин “Сүйүү мунарын” Каныкей Эралиева ырдап, тушоосун кесип берди”


Белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулунан ажыраганыбызга быйыл 29-январда 3 жыл болот. Маркумдун жубайы Назира Саалиева менен маек куруп, көп жаңылыктан кабардар болдук.


- Назира эже, Эрнис аганын арабыздан кеткенине үч жылдай убакыт өттү. Чыгармалары эл жүрөгүнө сиңип, айрым ырларына обон дагы чыга баштаганын уктук...


- 2021-жылдын 25-апрелиндеги Эрнистин эскерүүсүнө карага «Каалга» аттуу ыр жыйнагын китеп кылып чыгарганбыз, ошондо ырларына обон чыгып, аты өчпөсө деген тилек кылгам. Ошол тилегим аткарылып, КР эл артисти, мыкты композитор Атайбек Бөдөшов Эрнистин “Барактар”, “Сыр”, «Сүйүү мунары» аттуу үч ырына обон чыгарыптыр. «Сүйүү мунары» аттуу ырын 2022-жылдын 9-декабрында кайнагам Мелис Эшимкановдун эскерүүсүндө КР эл артисти, Атайбек агабыздын өмүрлүк жары Каныкей Эралиева ырдап, тушоосун кесип берди. «Жаштарга ылайык ыр, көрөсүң го, бул ыр жаштар арасында жакшы ырдалат» деп кубандырып, эки ырын ырдай турган ырчыларды караштырып жатканын айтты. Ал ырларынын дагы ырдалып калышы алыс эместир… Жалпысынан алганда, Эрнистин беш ырына обон чыкты. Алгач опера ырчысы, обончу Темурлан Дайрабаев «Жить» деген орус тилиндеги ырына жана «Кубаныч илими» аттуу котормо ырына обон чыгарып, ырдап чыккан. «Орус акыны, жазуучу Валентин Сидоровдун "Кубаныч илими" деген кол жазмаларын кыргызчалагам. Негедир ыр түрүндө которулду» деп Эрнисимдин жазганы бар…


«Каалгасы» дагы бир топ обончулардын колуна тийди. КР эл артисти, профессор Ибрагим Жунусовдон китеп боюнча оюн сурасам, «Эрнистин «Каалгасын» окуп чыктым. Башка акындардыкына окшобогон ырлар экен. Аябай жакшы китеп болуптур» деди.


- «Которуп кеткен 9 китеби бар» дедиңиз эле. Анын бири Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романы. Аны чыгат деп күттүк эле, тилекке каршы, алигүнчө чыга элек. Демөөрчү чыкпай жатабы?


- Ырас, бул китептин которулганын уккандан бери сурагандар көп. «Турар» басмаканасынын негиздөөчүсү, маркум Тилек Мураталиев «чыгарып берем, бирок Булгаковдун мураскерлеринен уруксат алыш керек» деп жүрүп, ал киши да өтүп кетти. Анан бир тааныш кыз «меценат Азат Исакуновго кайрылып көрбөйсүңбү?» деп телефонун берди. Жазсам өзү чалып, «биз агартуучуларды колдойбуз, бирок азыр эмес, декабрдын бешинде жолугалы» деди. 2021-жыл болчу. Ага аябай ишенип алыпмын. Дал ошол күн келгенде жазсам жооп бербейт, албайт. Ошол бойдон эле ал жигит жоголуп кетти.


2022-жылдын апрель айында ЖК депутаты Нуржигит Кадырбековдон маек алганы барганда «демөөрчү таап берсең жакшы болот эле» десем, «биз эле чыгарып беребиз. «Бир адамдан бир китеп» аттуу долбоор бар» деп жардамчысы Табылды менен тааныштырып, ага катуу табыштады. Табылды демөөрчү издеп аябай аракет кылды, бирок майнап чыкпады. Аягында «бир жакшы демөөрчү бар эле, ал негедир баш тартып койду» деди. Кайгырып, «эмне кылам? Кимге кайрылам?» деп журналист, котормочу, акын Жыргалбек Касаболотовго кайрылсам, ал “Россиянын Жазуучулар союзуна кат жаз” деп, дагы бир-эки жердин дарегин берди. Баарына кат жазсам, эртеси Булгаковдун мураскери Сергей Шиловскийден кат келди. Кыязы менин каттарымды ага жиберишсе керек тигилер. Ал уруксат берди, бирок ага биз мыйзам боюнча 10 пайызын төлөп беришибиз керек экен. Ошентип бул китептин багы азырынча ачылбай турат.


Анан былтыр залкар акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата биздин сайт «Эл акындын ырларынан көркөм окуу» эстафетасын уюштурган. Ал 30-декабрда жыйынтыкталды. Эстафетага катышкан Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков «Эрнистин уникалдуу, мыкты котормосу «Мастер менен Маргарита» романын 2023-жылы чыгарабыз» деп айтты. Нурлан сөзүнө турган жигит. Демек, быйыл чыгат деп үмүт кылып турам. “Кыргызпатенттин” директору Рахат Керимбаева “бир китебин чыгарып беребиз” деген эле. Жакында аларга кат таштайм. Жыл аягына чейин бир топ китеби чыгып калса керек деп ойлоп жатам. Былтыр бир китеп чыкты, «Мелис менен Эрнис» деген. Аны түзгөн белгилүү тележурналист Данияр Исанов. Бир тууган ага-ини менен чогуу иштебесе, чогуу жүрбөсө да Данияр жүрөгүн салып эссе жазып, бир тыйын албай эскерүүгө чын ыкласы менен жардам кылды. Ушундай жакшы адамдар көп болсо кана?.. Дагы бир жакшы жаңылык, «Асманда жана көөдөндө», «Сен», «Сагындым» аттуу үч ыры түрк тилине которулуп, “Кыргыз поэзиясынын антологиясы” аттуу китепке кирди. Бул китеп кыргыз адабиятын, акын-жазуучуларды түрк дүйнөсүнө кеңири таанытып жаткан Кыргыз эл жазуучусу, эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раевдин демилгеси менен биринчи жолу жарык көрүп, бетачары Кыргызстанда 24-декабрда болуп өттү. Мындай ишчарага Султан Акимович өзү келип катышып, китепке кирген акындарга жана 2020-жылы ээрчишип жаш кеткен Эрнис Асек уулу, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматовдун жубайларына «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» менен катар түрк тилинде жарыкка чыккан “Чыңгыз Айтматов жана мифология дүйнөсү”, “Сырдуу акын Жолон Мамытов” жана ааламды кылыч менен башкарган Чыңгызханга байланыштуу иликтөөлөр кирген китептерди тапшырды. Ошондой эле ал алдыда дагы үч акындын китептери чыга турганы пландалганын айтып, «китепти түзүүгө бизге жардам кылгыла, келин балдар» деп өтүндү. Жолдошторубуздун көзү өтүп кетсе да, чыгармачылыктарын баалап жаткандарына ыраазы болдук. «Дагы чыгарабыз» деген сөз кулагыбызга жагымдуу угулуп, жараланган жүрөгүбүзгө жылуулук тартуулады.


«Каалга» китебиндеги ырларынан


Жаш сыгат Качат бүгүн, качат бардык кыймылдар,

Убакыт да, өмүр, кыял, ой дагы...

Терезеден шыкаалаган түн калып,

Боштук ээлейт жандүйнөсүн кайдагы.


Сырларынын борпоң күлүн сапырып,

Боштук болуп жаштыгынын жарчысы,

А жүрөгүн тилип келет канатып,

Жалгыздыктын алтын саптуу камчысы.


Көңдөй башты шылып түштү эскерүү,

Көкүрөгү карышкырдай улуду...

Бул азаптан кутулуунун бир жолу –

Дүлөй, дудук, сокур болуп кубулуу.


Кетүү керек "кош" деп жазган бир сөздүн 

Аягына коюлбаган илептей.

Калуу керек бир да пенде албаган

Чаң алдында унутулган китептей.


"Кетүү керек", "калуу керек" деп келип,

Жалган дүйнө жаздыгына баш тыгат.

Какыраган сайдай дилдин бир ташын

Алып колго, акыркы күч жаш сыгат...

1992


Жаңырык


Жазылды саптар. Жаңырды.

Жаңырык дүйнө ээлеген.

Жүйөлүү маңыз издетип,

Жүрөктү турмуш мээлеген.


Түйүлгөн муштум. Түйшүк бар.

Түгөйсүз калган жан-дилдер.

Жердеги бүткүл адамзат –

Жетимдер менен жесирлер.


Корунат, коркот, умсунат,

Төшөккө жатып жаш сыгат.

Кабагын түйөт, карсылдайт,

Кармаган жерден кан чыгат.


Айланган дүйнө – айлампа,

Сорулат, сорот, токтолот.

Закымдап учкан мезгилди

Келалбай келет ноктолоп.


Туралбай жатып бешиктен

Турмушка турмуш мат болгон.

Өзүнө өзү тап берип,

Өзөктөн чыккан жат болгон.


Баарысы эми жылаңач,

Баарысы – кышкы дарактар.

Жөө туман каптап дүйнөнү,

Көрүнбөйт барчу тараптар.


Тагдырлар болуп таштанды,

Тартылган чала чылымдай.

"Чарк" уруп учкан замана

Чачырап кеткен кылымдай.


Жазылат саптар. Жаңырат.

Жаңырык дүйнө ээлеген.

Издетип маңыз турмуштан,

Жүрөктүн тушун мээлеген.

1994


Арал


Унутулат көз ирмемге баарысы:

Учур чак да, келечек да, өткөн да.

Жаштык. Жалын. Сүйүү. Мезгил. Кусалык.

Жай. Жалгыздык. Кыш. Көңдөйлүк. Көктөм да.


Шыбырашпайт сыр чечишип бариктер,

Төкпөйт нөшөр. Сокпойт күздүн шамалы.

Көк мухиттей көөдөнүңдөн көрүнөт

Көз ирмемдик Эркиндиктин аралы.

1994


Жин кылымда


Кайсы кез, кайсы тарап, кайсы мезгил? 

Кайран мээ кан кылымда эңги-деңги –

Баш, жүрөк, тулку боюң, эс-акылды

Баарысын бар турмушка бербедиңби!


Көз ирмем кудай көзүн көргөнсүңбү?

Көөдөндү тең экиге бөлгөнсүңбү?

Айнектей быт-чыт болуп миң бөлүккө

Акыйкат алдында сен өлгөнсүңбү?


Жылдыздуу түндү дагы жамыналбай,

Жарыктык күндү көздөй камыналбай,

Күйүттүү тамекини түтөтөсүң,

Күнүмдүк көроокатка табыналбай.


Торлорун жайып таштап миң кылымга,

Токтотпойт эс-акылды бир тынымга.

Жийиркенип бул турмуштан өткүчөктү,

Жинигип кетсең кана жин кылымда!

1995


…кулаар


Кайсы жол, кайсы чыйыр, кайсы тарап?

Калдайган асман дагы келет кулап…

«Атакем кандай эле? Мындай беле?..» -

Ай, аттиң, уулум дагы турар сурап.


Сөзүм жок, сөздүн баары жалган белем,

Сөөмөйдөй аруу тилек калган белем.

Жараткан жетим кылып бул дүйнөнү,

Жашоону жесир кылып салган белем.


Кийим да өңү өчүп эскирет дейт,

Эчки да ажал келсе эчкирет дейт.

Бүтүндү бүлүндүргөн мыйзам ушул,

Таң атса тагдыр өкчөп кеч кирет дейт.


Жараткан чачылганды жыйнап туру,

Жанчылган жан-дилимди кыйнап туру.

Моюнга салып жатып сыйыртмакты

Көзүмдө Көкө Теңир ыйлап туру.


Көл толкуур, жамгыр төгөөр, шамал ураар,

Көөдөндө жолу туюк амал тураар.

Сырларым сыртты көздөй аңтарылып,

Ырларым бөлүп турган дубал кулаар,

Ырларым бөлүп турган дубал кулаар…

2008


Маектешкен: Жамиля Нурманбетова

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн