Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Не сахар. Эрулан Көкүлов оор дартка чалдыкты (видео)

26.05.2021 14:21
1354
Не сахар. Эрулан Көкүлов оор дартка чалдыкты (видео)

Журналист, блогер Эрулан Көкүлов олуттуу оору менен күрөшүп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине интервью берип жатып айткан.


"Акыркы убактарда мен өзүмө, туугандарыма, жакындарыма аябай көп убакыт бөлүп жатам. Себеби мен өзүмдүн ден соолугумда олуттуу көйгөй бар деп ойлойм. Бул өтө эле олуттуу оору экенин сезем. Андыктан мага жакын арада жеткиликтүү медициналык жардам керек", - деген Көкүлов.


Эрулан Көкүловго байланышканыбызда маалыматты тастыктап төмөнкүлөрдү билдирди:


"Азыркы учурда анализдерди күтүп жатам, анализдер жыйынтыгы Германиядан келиш керек. Жыйынтыгы келер менен бир жуманын ичинде дартым тууралуу өзүм маалымат берем", - деди ал.


Белгилей кетсек, Эрулан Көкүлов коомчулукка "Не сахар" долбоору менен белгилүү.


Булак: www.super.kg

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн