Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:07
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ниет оңолсо, иш оңолот, мамлекет оңолот

12.12.2023 12:32
3588
Ниет оңолсо, иш оңолот, мамлекет оңолот


Калеми менен дүйнөнү багындырган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Адам баласы үчүн эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деп айтканы бүгүнкү адамзат коомунун жашоо образына дал келип жаткан сыяктуу. Башка өлкөлөрдү айтпай эле ак коелу, өзүбүздүн алакандай Кыргызстаныбызда да күн сайын адам болуу өтө кыйындыкка туруп калгандай болду. Бири-бирибизден кемчилик издеп, катачылык таап турганга маш болдук. Өзүбүздүн кызыкчылыгыбызга туура келбей калса эле, жасалып жаткан ар бир иш-аракеттерден кынтык издемей өнөкөткө айланды. Сын айтып, кемчилик издеп отурган адам өзүнө-өзү “Мен өлкөбүз үчүн кандай алгылыктуу иштерди жасап жатам, кандай салым кошо алдым?” деген суроону бергиси жок. 


Албетте, кемчиликсиз адам болбойт. Катачылык кетирбеген пенде жок. Ошол сыяктуу эле мамлекеттик бийликтин жасап жаткан иштеринде да оош-кыйыштар болот. Андай көрүнүштөргө карата адекваттуу сын-пикирлер, альтернативалуу сунуштар айтылып турганы жакшы. Бирок, бийлик тараптан жасалып жаткан жакшы иштерге келгенде көздү жуумп алып, бир аз катачылык кетирсе кыйкырып чыга бермейди кандай баалоого болот? Балким, биздин өлкөнүн бир кадам алдыга таштап, кайра эки кадам артка кете бергенинин сыры ушунда болуп жүрбөсүн? 


Бүгүнкү бийликтин өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканына жалпысынан үч жылдан ашты. Президент Садыр Жапаров жаңыдан эки тизгин, бир чылбырды өз колуна алып, улуу милдетти жүктөнгөндөн тарта эле сын айткандар дагы деле сын айтып келет. Өтө оор абалда мамлекеттин тагдырын колуна алып, кыска убакыт аралыгында 30 жылдан бери карай чиеленишип калган ири көйгөйлөрдүн четинен чечилип жатканын көрүп турушса да көрмөксөн болушат. Эгерде ошол сын айтуудан гана колу бошобогондор бийликтин кемчиликтери менен чогуу жасап жаткан алгылыктуу иштерин кошо айтып турушса, анда чындап эле мамлекеттин оңолушуна кызыкдар, ниеттери түз экен деп эсептейт элек. 


Аскар Акаевдин убагында эле “Коррупция 7-кабатка чейин көтөрүлүп кетти” деген кеп айтылчу. Ошол убактан тарта эле мамлекеттик кызматтарда премьер-министр, министр, аким, губернатор, сотсыяктуу “креслолорду” ээлеп отурушуп, эбегейсиз байлык топтогондор болгон. Андайлар ачык эле жаркыраган хансарайларда жашап, кымбат баалуу машинелерде чалкалап калган. Шаар ичинен эле 20-30дан батир сатып алып койгондорун билебиз. 


Мына ушундай коррупционерлер менен мурдагы бийлик кандай күрөшчү эле? Деги эле күрөшчү беле? Арасынан көңүлдөрүнө жакпай калгандарына гана карата кылмыш иштери козголуп келген. Бүгүнкү бийлик мамлекеттик кызматтарда туруп чириген байга айланган олигархтардын баарын четинен жоопкерчиликке тартты. Миллиарддаган сомдор өлкө казынасына кайтарылды. Бул коррупцияга каршы күрөштүн реалдуу көрүнүшү. 


Экинчиден, криминал дүйнөсү өлкөбүздөгү ири ишкерлер менен жана көптөгөн саясатчылар менен чырмалышкан мамиледе болуп калышканы бүгүнкү бийликтин учурунда ачык-даана байкалды. Ырас, мурда деле күбүр-шыбыр кептер айтылып турчу. Мурда деле кримчөйрөнүн өкүлдөрү кармалганы, кылмыш иштери козголгону тууралуу маалыматтар чыкчу. Бирок, кримдүйнө өкүлдөрүнө каршы дал бүгүнкүдөй күрөш жүргөн эмес. Бир эле Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна каршы жасалган иш-аракеттерди мисалга алалы. Бир эле Көлбаев 700дөн ашуун батирге, дагы толгон-токой мүлктөргө ээлик кылчу экен. Баасы асманды чапчыган машиналарынын санын көрүп таң калгандар көп болду. Бир эле “таажысынын” баасы 500 миң АКШ долларына баалана турганын билдик. Анын кайсыл саясатчылар менен тыгыз мамиледе болгонун, кайсыл ишкерлер менен өнөктөш болуп келгенин бүгүнкү бийлик гана коркпостон ачыктай алды. Криминалдык жол менен тапкан дүйнө-мүлкү мамлекетке алынды. 


Мындан тышкары мамлекеттик кызматкерлердин айлык акылары реалдуу түрдө 2-3 эсеге жогорулады. Пенсия, жөлөкпулдар да байкаларлык көтөрүлдү. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ИДПнын көлөмү 1 триллион сомго жетти. 


Айтор, чечкиндүү кадамдар жасалып жатканына күбөбүз. Жемишин алдыдагы жылдарда бере турган дагы көп долбоорлорго старт берилген. Андыктан жакшы иштерди да көрө билели. “Жакшы ниет – жарым ырыс” дейт элибиз. Ниет оңолсо, иш оңолот, мамлекетибиз оңолот.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн