Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Нилуфар Алимжанова, ЖК депутаты: “Окуучулардын тамагына акчаны көбөйтүү керек”

22.01.2024 10:34
1302
Нилуфар Алимжанова, ЖК депутаты: “Окуучулардын тамагына акчаны көбөйтүү керек”


- Нилуфар айым, социалдык саясат комитетинин жаңы жылдын алдындагы отурумунда айрым депутаттар мектеп окуучуларынын тамагына 20 сом эмес, 14 сом гана каралганын, тамактын сапаты бардык эле жерде жакшы болбой жаткандыгын айтышып, аны такыр эле жоюп салууну сунушташты. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?


- Ал жерде жоюп салуу жөнүндө сөз болгон жок. Менин кесиптештерим, тескерисинче, 14 сомду 20 сомго чейин көбөйтүүнү сунушташты. Окуучулар үчүн тамак сөзсүз керек. Себеби, балдар эртең менен туруп мектепке барат. Үйдөн чай ичип чыкканга биринин шарты болсо, биринин шарты болбой калат. Ошондуктан балдарыбыз ден соолугу чың болуп өссүн десек, алардан акчаны аябоого тийишпиз. Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча балдардын ден соолугу көбүнчө мектепте окуган жылдарда, 1-11-класстарда окуп жатканда бузулат экен. Ошондуктан алардын тамагына акчаны кенен эле бөлүш керек деп ойлойм. 


- Анда 20 сом деле аздык кылат го?


- Ал деле аз, албетте. Азыр инфляция болуп, азык-түлүктөр кымбаттап атпайбы. Ошондуктан анын көлөмүн жок дегенде 20 сомго жеткирип, андан соң дагы көбөйтүүгө аракеттер жасалышы керек.   

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн