Бугу 15, 2025
Убакыт: 13:32
USD
87.30
87.80
EUR
97.60
98.60
RUB
1.075
1.110

Ноокат жана Кара-Сууда архитектура бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары курулат

12.05.2025 10:55
137
Ноокат жана Кара-Сууда архитектура бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары курулат


10-майда Ноокат райондук жана Кара-Суу шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын имараттарынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.


Курулуш министрлигинен билдиришкендей, капсула салуу аземине министр Нурдан Орунтаев, ошондой эле жергиликтүү шаар, райондук жетекчилер жана тургундар катышты.


Нурдан Орунтаев бөлүмдөрдүн кызматкерлерин жаңы имараттын курулушунун башталышы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.


Орунтаев калкка сапаттуу жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүү максатында министрликтин карамагындагы имараттардын шартын жана техникалык базасын жакшыртуу боюнча активдүү иш-чаралардын кыска мөөнөттө башталганы белгиленген.


Эске салсак, учурда Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жайгашкан имарат 1958-жылы ашар (жамааттык эмгек) ыкмасы менен курулган.


Ал эми Кара-Суу шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жеке адамдардын карамагындагы имаратта жайгашкан жана ушул убакка чейин ижаралык негизде пайдаланылып келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн