Баш оона 24, 2025
Убакыт: 09:25
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Ноокатта 18 жаштагы жигит каналга чөгүп кетти

27.07.2020 09:10
1036
Ноокатта 18 жаштагы жигит каналга чөгүп кетти


Ош облусунун Ноокат районунда 18 жаштагы жигит каналга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык,  Бел-Кайрагач айыл аймагынын Найман каналына 2002-жылы туулган бала сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.


Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ноокат райондук №71 ӨКБдан 9 куткаруучу, Суу Чарба башкармалыгынан,  жергиликтүү тургундардан, ИИМден кызматкерлери тартылып, маркумдун жансыз денеси суудан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн