Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ноокатта алтын буюмдарды уурдоого шектелип 53 жаштагы киши кармалды (фото)

04.08.2020 13:22
1380
Ноокатта алтын буюмдарды уурдоого шектелип 53 жаштагы киши кармалды (фото)


Ноокат районунда алтын буюмдарды уурдаганга шектүү катары Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну, мурда соттолгон 53 жаштагы М.А. кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-июлда Ноокат РИИБге Ош шаарынын тургуну 29 жаштагы А кызы С. ошол эле күнү Ноокат шаарында жайгашкан алтын буюмдарды алып-сатуучу дүкөнүнө белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө киришип, 150 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын уурдап кетишкендиги тууралуу арыз менен кайрылган.

Ага ылайык, Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган жана тиешелүү ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен шектүү катары Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну, мурда соттолгон 53 жаштагы М.А. кармалган.

31-июлда анын үйүн тинтүү учурунда короосундагы жыйналып турган кыштардын арасынан 8 даана КРдин жарандык паспорттору, 2 даана айдоочулук күбөлүк, 7 даана банктык карта, ал эми турак үйүнүн жертөлөөсүнүн ичинде жерге көмүлгөн банкадан болжол менен 1 млн 500 миӊ сомдук алтын буюмдар табылып алынган.

Азыркы учурда далил буюм катары алынган алтындардын так өлчөмү жана баасы такталууда. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн