Президент Садыр Жапаров “Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 23-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты соттордун ишин оптималдаштыруу, соттук жүктү азайтуу жана буйрук өндүрүшүнүн иштерин нотариустардын компетенциясына өткөрүп берүү жолу менен адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун соттон тышкаркы жана сотко чейинки усулдарын, формаларын жана ыкмаларын өнүктүрүү болуп эсептелет.
Мыйзам менен КР Үйбүлө кодексине, КР Эмгек кодексине, КР Жарандык процесстик кодексине, КР Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” жана “Нотариат жөнүндө” КР мыйзамдарына карызкордон акчалай суммаларды өндүрүп алуу же кыймылдуу мүлктү талап кылуу жөнүндө талаптарды кароо жана нотариалдык буйрук чыгаруу боюнча ыйгарым укуктарды нотариустарга өткөрүп берүүнү караган түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталат, башкача айтканда нотариалдык буйрук төмөнкү учурларда чыгарылат, эгерде:
1) талап нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө негизделсе;
2) талап жөнөкөй жазуу жүзүндө жасалган бүтүмгө негизделсе;
3) талап векселдин төлөнбөгөндүгүнө, акцепт болбогондугуна жана акцептке датасы коюлбагандыгына нотариус тарабынан жасалган протест негизделсе;
4) жашы жете элек балдарга аталыкты аныктоо, аталыкты (энеликти) талашуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы менен байланышпаган алимент өндүрүп алуу жөнүндө талаптар билдирилсе;
5) салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн кошпогондо, милдеттүү төлөмдөр боюнча үстөк айыпты эсепке албастан карыздарды өндүрүп алуу жөнүндө талап билдирилсе;
6) кызматкерге эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүп алуу жөнүндө талап билдирилсе.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 1-беренени, ошондой эле жашы жетпеген балдарды багууга алимент өндүрүп алуу бөлүгүндөгү 5–7-беренелерди кошпогондо, 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн