Тогуздун айы 12, 2025
Убакыт: 09:43
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Новосибирсктеги аэропортто калган кыргыздар 11-апрелде алынып келет

08.04.2020 17:28
1254
Новосибирсктеги аэропортто калган кыргыздар 11-апрелде алынып келет


Россиянын Новосибирск шаарындагы аэропортто калган Кыргыз жарандары 11-апрелде келет. Бул тууралуу маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айтты.


Анын айтымында, 20-марттан тартып бүгүнкү күнгө чейин чартердик рейстер аркылуу сырттан 4 769 адам алынып келинген.

 

“11-апрелде Кыргызстандан россиялык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн атайын рейс мерчемделген. Учурдан пайдаланып, Новосибирсктен биздин мекендештердин биринчи бөлүгү кайтарылат”, - деди Боронов.

 

Эске салсак, Новосибирск шаарынын аэропортунда 294 Кыргыз жараны турганы айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн