Баш оона 05, 2025
Убакыт: 09:45
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.085
1.110

Нургазы Анаркулов: Азыр Камчыбек Ташиевдин абалы кыйла жакшырып калды

08.07.2020 19:01
1524
Нургазы Анаркулов: Азыр Камчыбек Ташиевдин абалы кыйла жакшырып калды


“Ташиев ооруканадан чыгуудан жана өкмөт сунуштаган атайын бейтапканага которулуудан баш тартты” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу экс-депутат, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин жакын санаалаштарынын бири Нургазы Анаркулов “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.


Н.Анаркуловдун айтымында, ал Камчыбек Ташиев менен бүгүн сүйлөшкөн. Телефон кармап, биринчи жолу аны менен сүйлөшүп жатканын айтып, азыр абалы кыйла жакшырып калганын билдирген.


“Кудай буюрса, күндөн-күнгө алдыга жылыштар болууда. Учурдан пайдаланып, окурмандарга кайрылып кетет элем. Акыркы кезде К.Ташиевге байланыштуу өйдө-төмөн сөздөр көбөйдү. Дагы да көп маалыматтар чыгышы мүмкүн. Анын баарына ишенбегиле. Туурасын билгиңиздер келсе, мени менен байланышыңыздар”, - деп кошумчалады Анаркулов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн