Бугу 04, 2024
Убакыт: 15:45
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Нурланбек Шакиев Улан-Батор шаарында өтүп жаткан конференцияда баяндама жасады

25.04.2024 12:27
161
Нурланбек Шакиев Улан-Батор шаарында өтүп жаткан конференцияда баяндама жасады


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо өтүп жаткан Трансалтай туруктуулук диалогунун расмий ачылышына катышты.

Иш-чараны Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар ачып, андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев сөз сүйлөдү.

Өз баяндамасында климаттын өзгөрүшү, экономикалык туруксуздук жана социалдык теңсиздик өңдүү маселелерге токтолгон Нурланбек Шакиев аларды чечүү үчүн Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу зарыл экенин белгиледи.

Буга байланыштуу Кыргызстан да глобалдык Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн бир катар милдеттемелерди алганын эске салган Жогорку Кеңештин төрагасы: «Анда жакырчылык менен күрөшүү, сапаттуу билим берүүгө жетишүү, айлана-чөйрөнү коргоо, бардык жарандардын ден соолугун жана бакубатчылыгын камсыз кылуу өңдүү артыкчылыктуу багыттар камтылган. Ошондой эле 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасын Ɵнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына да киргизилген», - деди.

Муну менен катар Бириккен Улуттар уюмунун Туруктуу өнүгүү боюнча баяндамасына ылайык, Кыргызстан коюлган максаттарды ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишип, 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлегенин билдирди.

«Мындан ары да алгылыктуу кадамдарды улантып, 2030-жылга чейин мыкты 30 өлкөнүн катарына кирүүнү көздөп жатабыз. Бул багытта өлкө башчыбыз тарабынан олуттуу милдеттер коюлган. Ал эми Жогорку Кеңеш алдыдагы пландарды ишке ашырууда маанилүү роль ойнойт», - деген Нурланбек Шакиев кыргыз парламентинде жасалып жаткан иштерге да кеңири токтолду.

Андан тышкары, Туруктуу өнүгүү максаттарына толук жетишүү үчүн Кыргызстан бардык өнөктөштөрү менен кызматташууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, «Глобалдык лидерлер: тынчтыкты жана адилеттикти куруу» аталышындагы конференция Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар жана Бириккен Улуттар уюмунун VIII Башкы катчысы, «Пан Ги Мун» фондунун жетекчиси Пан Ги Мун тарабынан уюштурулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн