Кийинки революцияда эл Улуттук банкка кол салат. Мындай пикирин бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.
Анын айтымында, банктар элди тоноо менен убара.
"Коммерциялык банктар элди тоноо менен убара. Алган кредиттердин бир бөлүгүн төлөй албай калган адамдардын да үйлөрүн алып коюп жатат.
Бул тоноодон башка нерсе болушу мүмкүн эмес.
Кийинки революция Улуттук банктын алдында болот. Эл Улуттук банкка кол салат",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн