ОСАГО полисин албагандарга эки жумадан кийин айып салына баштай турганын Кыргызстандын камсыздандыруучулар ассоциациясы эскертти.
Уюм 1-июлдан тарта айдоочунун аталган полиси текшериле баштаарын билдирип, жокторго 3 миң сомдон айып салынарын айтты. Бир жылдык камсыздандыруу 1680 сом турат.
ОСАГО — ири чыгымдан коргой турган полис. Башкача айтканда, айдоочу кокус кырсыктап калса, камсыздандыруу компаниясы чыгымын төлөп берет. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн