Бугу 06, 2025
Убакыт: 04:59
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.050
1.090

Октябрь окуясында каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө Имамидин Ташов убада кылган батир берилди

14.09.2021 11:19
1245
Октябрь окуясында каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө Имамидин Ташов убада кылган батир берилди

5-октябрдагы окуядан көз жумган Үмүтбектин үй-бүлөсүнө Имамидин Ташов убада кылган батир берилди. Бул тууралуу коомдук ишмер Инаят Ниматова Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.


Анын айтымында, батир Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан.


"Бүгүн Имамидин Ташов убада кылган бир бөлмөлүү батирдин документтерин жана ачкычын Үмүтбектин атасына "KG Grupp" курулуш компаниясынын Оштогу жетекчиси тапшырды.


Үмүтбектин атасы маркум аалым Чубак ажы Жалиловдун уулу Абдулла менен кошуна болду",- деп билдирүү калтырган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн