Баш оона 24, 2025
Убакыт: 04:37
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Октябрда пенсияны 50 пайызга көтөрүү пландалууда

29.03.2022 12:40
653
Октябрда пенсияны 50 пайызга көтөрүү пландалууда

2022-жылдын 1-октябрынан баштап пенсияны 1 миң 800 сомго көтөрүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.


Анын айтымында, ушул жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын өлчөмүн 50 пайызга жогорулатуу боюнча министрлер кабинетинин токтому чыккан.


“Соцфонд эсептөөлөрдү жасап, министрлер кабинетине документтерди жибердик. Каржы министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Пенсиянын орточо өлчөмү январга карата 6 миң 100 сом болуп турса, алдын ала эсептөөлөрүбүз боюнча, октябрдан баштап пенсияны 1 миң 800 сомго көтөрүү маселеси каралууда. Азырынча каралып жатат, октябрга чейин убакыт бар, кирешеге карап бул көрсөткүчкө кайра кайтабыз”, - дейт ал.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн